"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Боорукер бол» кайрымдуулук фонду атасыз балдарга үйлөнүүгө жардам берүүдө

17 Ноябрь 2020 жыл 20:33
Көрүүлөрдүн саны: 193

«Катар» кайрымдуулук фонду сунушталган мүмкүнчүлүгү чектелген он сегиз баланы үйлөндүрүштү. Үйлөнгөн жаш жубайлар атайын критерийлерге ылайык келген жарандар.

«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов

«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов:

«Биздин фонд 2018-жылы 7-майда ачылган. Ошондон бери жакшы иштерди алып барып жатабыз. Карантин учурунда атасы жок балдарды үйлөндүрүп атабыз. Кыргызстан боюнча он сегиз бала. Ошонун төртөө Ысык-Көл облусунан болуп атат.

«Катар» кайрымдуулук фондуна сунуштаганбыз. Биздин фонд «Катар» фонду менен иштешип атканыбызга бир жарым жылдай болду. Бала тараптан төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек: сүйлөшкөн кызы болушу керек, эки тараптын макулдугу керек, айыл өкмөттөн справка, паспорт, маалымкаттар керек. Үйлөнүүгө муктажбы жана соттолгон эмеспи деген суроолор каралат. Белек катары жаңы үйлөнгөндөргө көйнөк, костюм, алтымыш миң сом каралды.

Кырк миң сомуна Бишкектен магазинден кийимдерди алышат. Жыйырма миң сомго азык- түлүк алышат. Андан сырткары, борбордук мечиттен никелери кыйылды. Кафеден тою өткөрүлдү. Карантин болгонуна байланыштуу элүү кишиден ашпаш керек келген коноктор, бул дагы каралды.

Бүгүнтөн баштап мебелдерин жеткирип беришет жана дагы жаш үй-бүлөлөргө бүткүл бытовой техникасын белек катары беришти. Ушундай нерсени майларга да пландап атабыз. Жазында дагы өткөрүлөт буйруса. Ушул боюнча дагы жаңыдан арыздар келип түшүп атат. Документтерди кабыл алуу да абдан эле кыйынчылыктар көп болот экен. Биздин «Боорукер бол» фондусу мындан сырткары да, көп муктаж адамдарга жардам берүүдөбүз».

Жаш жубайлар үй эмеректерин белекке алышты

Тасма айылынын тургуну Керез Мырзаканова:

«Вотсаптан мага үйлөндүрүү боюнча реклама келип калды. Ошол боюнча эле сураштырып, Караколго барып Тыныбек Зундуновко барып жолуктум. Уулумду үйлөндүрөт элем десем, «Макул көрөлү, шартка туура келсе үйлөндүрөбүз»,- деди. Бир күнү эле чалып калышты. Документтерди даярдадык. Келиним да макул болду. Буйруса жакшы, белектери келди. Бытовой техникалар келди. Газ, телевизор, автомат кир жуучу машина, микроволновка, мультиварка, үтүгүнө чейин келди. «Боорукер бол» кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылык билдиребиз. Ушинтип жаштардын тилектерин орундатып, бата тилектерин ала берсин».

Үйлөнүү той учурунда

«Боорукер бол» кайрымдуулук фонду Тасма айылынын муктаж тургундарына жардам беришти
 

Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева