"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Кыйын кырдаалда кышка отун даярдоо оор болууда

21 Ноябрь 2020 жыл 22:46
Көрүүлөрдүн саны: 91

Түп районундагы Карасаев айыл өкмөтү да катаал шартка кирип, кышкысын өтө эле суук аймактардын бири. Пандемия учурунда кышкыга даярданууда кыйынчылыктар көп болуп жатат. Отун, суу маселеси айыл тургундарына оорчулук жаратууда.

Айыл тургундары көмүрдү мүшөктөп сатып алышууда

Айыл тургуну Кубат Сулайманов кышка даярдыктары тууралуу мындайча билдирди:
«Былтыркыга салыштырмалуу быйыл абдан суук болуп жана оору күч алып жатат. Кышка отун даярдап, үйдү жылуулап кышкыга кам көрүп жатабыз. Быйыл кыйынчылыктар өтө көп болуп жатат. Мисалы, суук болуп, оору адамдарды кыйнап, кышка даярдануу оор болуп жатат. Малдарыбызга дагы кам көрүп атабыз. Атка така жасап, чөптөрүн камдап. Малга да чөп камоого кыйынчылыктар болуп атат».

Айылда суу түтүктөрдөн аккан  суулар тоңуп калууда

Айыл тургуну Эркинбек Көчөрбаев:
«Быйыл көмүрдүн баасы 500сомго кымбат болуп атат. Көмүрдү алып келиш үчүн эле көп акча кетет. Бирок айылга көмүрдү сатып келишет. Ошондо деле былтыркыга караганда быйыл көмүрдүн баасы кымбат болуп жатат. Ушундай көйгөйлөр айылдын бардык тургундарына таасир берүүдө. Көмүрдүн баасын бир аз арзандатып беришсе жакшы болот эле. Былтыркыдан быйыл суук болуп, көмүр баасы кымбаттап кыйынчылык болуп атат. Ошол себептен отун сууну кенен камдап алышыбыз керек».

Отунду суук болсо да даярдап жатышат

Айыл тургуну Гүлзар Курманбекова аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү да чоң таасир тийгиди дейт:
«Пандемия болгондугуна байланыштуу оорулар козголуп жана адамдардын кышка даярдыгы жок болчу. 17-18-19-ноябрдан баштап аба-ырайы -3 градуска түшүп кетти. Мунун кесепетинен катуу суук болуп, эшиктен ала турган суулар тоңуп адамдарды бир топ түйшүккө салууда. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл айырма өтө чоң. Анткени, былтыр мындай оору жок эле. Ушундай кесепеттерден улам азыр адамдар психологиялык жактан дагы жабыркоодо».

Көмүрдүн баасы былтыркыга караганда 500 сомго жогору

Кышы катаал Суусамырда элдин кышка даярдыгы кандай?
Гүлназ Жумагулова, Сезим Темирова