"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Карасаев айыл аймагына баруучу жол оңдоого муктаж

22 Ноябрь 2020 жыл 16:01
Көрүүлөрдүн саны: 354

Карасаев айыл аймагынын тургундары жылына кайрылуу жасап, тыянак чыгара албаган эл, эми деле үмүттөрүн үзбөй аткаруу бийлиги качан бизге көңүл бурат деп кайрылышууда. Ал эми жол чарба департаментинин башчысы аткарган иштерин айтып берди.

Карасаев айыл аймагына баруучу жолдун азыркы абалы

 

Бул жол толкун сымал болуп унаалардын тез бузулушуна алып келүүдө

 

Айыл тургуну Зарыл Мадемилов

Зарыл Мадемилов бул жолдо жол кырсыктары да көбөйүп жатканын айтты:
«Жол көйгөйү 1991-жылдан бери келе жатат. Бул жолду куруп баштайбыз деп аябай катуу киришишкен, андан кийин советтер союзунун чачырашы менен баары токтоп калган. Ошондон бери бул жол жылына 2км чоюлуп отуруп баш аягы 10кмден ашты. Жолдун кырсыктары азыркы учурда көп болуп жатат.

Жаңы курулуп келе жаткан жол деле жаан-чачында же болбосо кыштан кийин жамаачы сыяктуу болуп калат. Биздин айыл тарапка кеткен жолдогу сегиз айылдын эли деле жол азабынан кыйналып жатышат. Жаңы же эски машине деле жолдун айынан бузулуп жатат.

Бардык тапкан акчалар мисалы, күзүндө эгин жана картошка сатуу ж.б машинени оңдогонго эле кетет. Азыр бардык адамдарда машине бар, ошондуктан көйгөйлөрү жол. Жолдун көйгөйү боюнча алты жыл мурун аткаруу бийликтерине кайрылганбыз. Бирок каражат жок деп, көңүл бурбай коюшкан.

Мурдагы жылдары 800метр чоюп оңдошкон. Быйыл болсо жетекчилерге кайрылып, көйгөйлөрүбүздү айттык, айына эки жолу сүрүп берип турабыз деп мойнуна алып кетишкен. Бирок азыр жолдун баары иштен чыгып, машине жолдон жүрө албай калды. Менин аткаруу бийлигине кайрыларым азыркы көйгөйүбүздү чечип берип коюшса дейт элем»,- деп билдирди.

Жолду жасоо учуру

Ал эми жол чарба департаментинин кызматкерлери жол оңдоо иштери тынымсыз эле жүргүзүлүп жатканын жана пандемияга байланыштуу бөлүнгөн каражаттар толук берилбей калганын айтат.

Жол чарба департаментинин Ысык-Көл аймактык бөлүмүнүн башчысы Кудайкул Күчүков :

«Былтыр Карасаев айыл өкмөтүндө эки километр жер асфальттанды. Быйыл 3 километр асфальт киргизгем. Тасмага чейин жеткирейин деп ойлогом. Пандемияда биздин бардык пландын баарын кесип таштады. Бир миллиард тогуз жүз миллион сом биздин министерствого бөлүнгөн. Бир жарым миллиардды кесип салышты. Ошондо төрт жүз сексен миллион сом облуска калды. Бул эч нерсеге жетпейт.

Акылбек Шарипович менен Тасма айылына барганбыз. Айыл тургунндары макул болуп, үч жүз миң сом чогултушкан. Ошол жерге техниканы коюп, төрт жүз миңден ашык болгон жумуштарды аткардым. Андан кийин жаңы губернатор келди. Балбак Түлөбаев Зарлыкович менен дагы барганбыз. Анда дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Октябрларда үч жолу Карасаев айыл өкмөтүнүн жолун түрттүрүп бергенбиз. Силердин жол жакшы эле. Четинде эле грибионка бар. Ошол эле бир жумага жетпей кайра кайра талкаланып атат. Карызга акча алып атып, ошол жерди үч жолу түрттүрдүм. Айыл өкмөттө журнал бар. Ошол жактан баарын да карашса болот.

Арабдарды алып келип, суранып, макул кылып, Корумдудан берки жолдорду эмки жылы жасаган атабыз. Колубуздан келген жумушту жасап атыбыз. Михайловкадан бери, ар жылына үч, төрт километр асфальт салып келе жатабыз».

Акталаада айдоочулар көмүр кенине барчу жолду оңдошту
Гүлназ Жумагулова