"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Карасаев айыл өкмөтүнүн карантинде жасаган иштери

24 Ноябрь 2020 жыл 23:40
Көрүүлөрдүн саны: 119

Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнө Тасма, Тогузбай, Токтоян айылдары кирет. Үч айылда коронавируска каршы күрөшүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аракети жүрүүдө. Ооругандар болуп калса, үйлөрүндө дарыланып, медайымдар жана айыл башчылар менен биргеликте көзөмөлдө болуп жатышат.

Соц кызматкерлери иш үстүндө

Карасаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Атабек Албанов

Карасаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Атабек Албанов:

“Биздин айыл аймакта деги эле аябай деле пик болгон жок. Бирок ооругандар болуп жатты. Үйлөрүндө дарыланып, ошол эле убакта айылдык медайымдар менен биргеликте иш алып барып жаттык. Ооругандардын алдын алып турдук.

Айыл аймактагы мед кызматкерлери менен көзөмөл жүргүзүү болуп турду. Жергиликтүү бийлик тарабынан ушул март айынан башталгандан бери тийиштүү иш чараларды коюп келе жатабыз.
Убактылуу жыйындарды токтоттук, чогулуштар болгон жок. Той- топурларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алектенип жаттык.

Антисептикалык каражаттарды дагы колдон келишинче жардамдарды берип жаттык. Бүгүнкү күндө ошол үй- бүлөлүк дарыгерлер тобу менен айыл аймактагы медайымдар менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Убактылуу ар кандай иш чараларды тойлорду, маданий коомдук иштерди бардыгын убактылуу токтоттук. Элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эрежелерди сактагыла деп жатабыз.

Айта кеткенибиздей эле, антисептикалык каражаттар медайымдардын ар биринде бар.
Ошол оруп калган, катталып калган үй- бүлөлөргө барып мед айымдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Айыл башчыларыбыз менен биргеликте. Бүгүнкү күндө эки айылыбызда Тогузбай, Токтоян айылдарында ФАПтарыбыз салынган.
Долбоордун негизинде алар заманбап, талапка жооп берээрлик деп айтсак болот. Ал эми Тасма айылында ҮДТ жайгашкан.

ҮДТ да азыр болсо стимгранттын алкагында ошол жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен, ошолордун эмгеги менен азыр стимгрант жазылып долбоор иштелип чыкты. Ошол толук түрдө капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Буйруса заманбап, талапка жооп берерлик болуп ишке ашмакчы. Бүгүнкү күндө азыр биз айта алабыз 70-80 пайызы бүттү десек болот. Жакынкы арада толук кандуу 100 пайыз менен берилип ишке киргизилет. Жардамга муктаж адамдарга биздин айыл аймактын тургундары, миграцияда иштеп жүргөндөр, колунда бар адамдар аркылуу жардамдар берилип келет».


Карасаев айыл өкмөтүнүн соц адиси Акжолтой Мамиева

Карасаев айыл өкмөтүнүн соц адиси Акжолтой Мамиева:
«Жергиликтүү айыл тургундар жана демөөрчүлөр медициналык дары дармектер менен камсыз кылып турушту. Жалгыз бой, кары картандарга жана аз камсыз үй бүлөлөргө ун, май таратылды. Район жана мамлекет тарабынан ун, май, сахар жана соц пакеттер таратылды».

Тасма айылы: Салттуу билим алууда санитардык эрежелер сакталып жатабы?
Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева