"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Кайрымдуулук фонд элеттик айымдарды жумуш менен камсыз кылды

25 Ноябрь 2020 жыл 21:43
Көрүүлөрдүн саны: 275

«Катар» кайрымдуулук фондуна «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов кайрылуу жасап ошонун негизинде тигүү ишканасы ачылды. Токтоян айылында ачылган ишканада аз камсыз үй- бүлөдөгүлөр, жалгыз бой айымдар иштешет.

«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов

«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов:
«Биздин тигүүчү ишканабызга машиналарды алууга «Катар» кайрымдуулук уюму көмөк көрсөттү. Аз камсыз, колунда жок үй- бүлөлөргө тигүүчү ишканабызга кийирип, аларды үйрөтүп, күнүмдүк тамак ашын таап жегенге, аларга жардам берүү максатында бул ишкананы ачып жатабыз.

Беш машина, бир (пятинитка)машинкасын бир буу үтүк, материал кескич, стол өзүнүн кайчысы менен чогуу алып келдик. Бардык комплектиси менен келди. Бардык суммасы эми бир топ сомго барат. Өзүбүздүн кеңсебиз да бар болчу. Мен жөн гана «Катар» кайрымдуулук фондуна кайрылуу кылгам. Ошонун жардамы менен ачып жатабыз».

Айыл тургуну- Лариса Кендирбаева

Лариса Кендирбаева:
«Биздин айылда тигүүчү иш кана ачылганы жакшы болду. Себеби жумушу жок адамдарга жумуш табылды. Беш, алты айым жумуш менен камсыз болуп, үй- бүлөсүн багууда.

Элдин баары ыраазычылыктарын айтып атышат. Мен дагы ыраазычылыгымды билдирем. «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов арабдар менен иштешет. Ошолор менен сүйлөшүп, ошол аркылуу келип калды.

Бул ишкана күйөөсү жок айымдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ачылды. Азыр ошолордун карамагында, алар иштешет. Заманбап техникалар менен келди. Тыныбек дагы дагы иши илгерилеп, элдин батасын ала берсин. Көп көп кайрымдуулук иштерди өткөрө берсин. Элдин батасын алсын».

Мындан мурда, «Боорукер бол» кайрымдуулук фонду атасыз балдарга үйлөнүүгө жардам берүүдө
Гүлназ Жумагулова, Аяна Элеманова