"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Экинчи толкунда айыл тургундарынын абалы кандай?

4 Декабрь 2020 жыл 22:40
Көрүүлөрдүн саны: 111

Жалпы журт, дүйнө элин дүрбөлөңгө салган бул оору, көптөгөн көрүнүктүү инсадарыбызды алып кетти, баардык жаш курактагы адамдар, кыйын кырдаалда моралдык жактан жабыркаган учуру.

Тасма айылынын тургуну Садабаев Бейшембай:
«Азыркы кырдаалда колдон келишинче өзүбүздү коргоп көбүнчө үйдө отурабыз. Пандемия учурунда үйдөгү оокаттар менен алек болуп жатам. Мисалы, малдарды карап жана үйдөгү майда жумуштар менен алекмин. Көбүнчө неберемди карап, убактымды неберем менен өткөрүп атам. Кудайга шүгүр бейтапканага барган учурум болгон жок, оорубай эле коёлу. Аткаруу бийлиги тарабынан элге кредиттерин 3 айлык пайынызын азайтып берип жардам кылып жатышат. Бул оору терс таасирин тийгизди. Себеби көп эле жамандыктар болду».

Тасма айылынын тургуну- Садабаев Бейшембай

Аталган айылдын тургуну Исакова Райкан:
«Кийинки кырдаалда менин ден соолугум канааттандырарлык. Анткени жакынкы аралыкта Бишкек шаарына барып атайын ооруканада дарыланып медициналык жардам алып келдим. Азыркы учурда пандемияга каршы иш-аракеттерди телевизордон көрүп, бул оорудан кантип сактаныш керек жана эмне кылыш керек деген суроолорду угуп- көрүп, билип ошол боюнча үйдөн чыкпай отурабыз. Мындай учурда жогорку жакта атайын айылдарда, шаарларда күндүзгү бөлүмдөр ачылган. Абдан оорусу күчөгөн адамдарга атайын жай уюштурулган жана ошол жакта даарыланып жатышат.

Пандемияга карата биздин айылда дагы үй- бүлөлүк дарыгерлер иштерин жакшы аткарып жатышат. Анткени 12, 14 орундуу күндүзгү бөлүм ачышып, ошол жерде адамдарды дарылашат. Кызматтарын жакшы аткарышууда. Бул оорунун биринчи толкуну жеңил формада өттү. Ошол мезгилде үй- бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып текшерилип, капельница алып, дарыларды ичип ошентип айыгып, ооруган жокмун. Дарыгерлер жакшы жардам көрсөтүштү. Оорунун экинчи толкунунда шүгүр жакшыбыз».

Аталган айылдын тургуну -Исакова Райкан

Эркингүл Үмөталиева:
“Менин ден соолугум жакшы, кудайга шүгүр. Кыйын кезектер бир эле мезгилде өтүп жаткан жери жок да.
Жалпы журт, жалпы калк, дүйнө эли көрүп жатат бул ооруну. Ошонун ичинде кары- картаңдар да бар жаштар да бар. Баякы эл көрүп жатпайбы. Башыбыздан ар кандай кыйынчылыктар өттү.
Бардыгына туруштук берген гана жеңет. Мына бүгүн оорусак, эртең айыгабыз. Ушундай оорудан сакта. Аллага ишенебиз да, баарыбыз Алланын колундабыз. Анан кийин Алланын жазганын көрүп атабыз. Учурунда телевизордон көргөзүп жатат. Өзүңдү сакта, элди сакта деп. Кыймылда, көп жатпа, сууну көп ич дейт.

Иши кылып уккандарыбызды кылып жатабыз. Пенсиябызды алабыз. Пенсия менен эле оокат кылабыз да карылар башка эмне кылабыз? Бул Covid оорусу таасир берип эле жатат. Ар кай жерибиз эле ооруп калып атат. Аны көңүлгө албай эле, режимди сактап эле жүрөбүз. Өзүңдү сактасан элди сактайсын деп жатат. Ошентип сактанып атабыз. Бейтапканага басып барган жерим жок. Эл барып жатат, деп угуп атам. А мен басып барганга дарманым да жок. Бирок кыдырып деле киши келбейт. Үйдөн чыккан жерибиз жок. Үйдө эле отурабыз».

Гулиза Бейшебаева айыл тургуну. Ал оору балдарга да чоң таасирин тийгизди дейт:
“Бул covid -19 оорусу жаман таасир берди. Бул оорунун айынан көптөгөн адамдар көз жумушту.
Мисалы: көптөгөн аалымдар кетти, көптөгөн врачтар, кыргыз элинин көрүнүктүү инсандары кетти. Жана ошондой эле окуучуларга да таасир берди окшойт. Анткени алар дүйнөдө болуп жаткан ооруга байланыштуу, онлайн окуп жатышат.
Бул ооруга бир гана тазалык жолу менен тоскоол боло алабыз деген ойдомун. Үйдү күнүгө дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалап туруудабыз».

 

Гүлназ Жумагулова, Эркеайым Турсунбаева