"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп районундагы пандемия учурундагы жардам

13 Декабрь 2020 жыл 7:15
Көрүүлөрдүн саны: 446

Оору күч алган мезгилде өз айылына жардам көрсөткөн инсандардын саны арбын болду. Түп районунда да оору күч алганда коом түзүлүп, элге жардамдар берилди. Аскат Молдобаев жеке ишкер, курулуш тармагында эмгектенет. Ал пандемияда дары-дармек, кычкылтек аппараттары менен элди камсыз кылып, жардам дагы көрсөткөн.

Бул тууралуу кененирээк маегинде айтып берди:

Жаштар менен биргеликте түзгөн коомдун арты менен көп иштер жасалды

«Пандемия бүт өлкөгө оор болду жана кыйынчылык алып келди. Мен дагы четте калбастан өзүмдүн айылыма, кичи мекениме жардам кылгам. Мисалы: Карасаев айыл өкмөтүнө даары-дармектерди жана аппараттарды алып бердик. Буга чейин бир эле Карасаев эмес бүт эле Түп районуна жардам кылдык. Район боюнча Түп району, Каркыра коому атайын коом түзүп, борбордо жана айылда жашаган жаш балдарды чогултуп жакшы коом түзгөнбүз. Бул коомдун арты менен көптөгөн жакшы иштерди кылдык».

Жыл сайын район боюнча майып балдарга жана толук жетим балдарга балаты уюштурабыз.

 

Спорттуу өнүктүрүү үчүн иш-чараларды уюштурабыз…

Ошондой эле жаш балдарды өзгөчө спортко тартып, спорттук оюндарды уюштурдук. Аларды айта кетсем, футбол, көк бөрү, волейбол. Ар кандай кесиптик майрамдар болобу же башкача майрамдар болобу районго барып белектерди тапшырып жардам кылып жүрдүк.

Ал эми жаңы жылда жыл сайын район боюнча майып балдарга жана толук жетим балдарга ёлка уюштурабыз. Бүгүнкү күнгө чейин ушундай иштерди кылып жүрөбүз дагы колдон келишинче аракет кылып атабыз. Негизи көп эле элдер, жаштар, айылдар кайрылышат. Бирөө көчөсүн жасоо боюнча кээ бири кум төгүп берүү боюнча, ал эми жаштар болсо парк же спорт ачып жатабыз эмеректерине жардам бергиле деп дагы кайрылышат. Колдон келишинче эле жардам аябай баарына жардам кылып жаттык.

 

Жасаган эмгектерим мага көп жакшылыктарды алып келди

Көп эл-жер көрүп, эл кыдырдым. 2019-жылы Түп район аттуул наамы ыйгарылып тапшырылган. Салымбековдун «Айкөл Манас» кайрымдуулук фондунан «Жылдын мыктысы» деген наамды ыйгарышкан.

Эгерде ар бир Түптөн чыккан жигиттер колдорунан келген жардамдарын кичи мекенине арнап турушса жакшы деп ойлойм. Анан дагы айылга чоң жардамдары тиймек. Бизнес долбоорлорду дагы мен район боюнча ишке ашырган өзгөчө жаштар суранып жаткан иш кана ачалык деп, жүн тыткан станоктор керек дешип аны алып бердик. Тиш доктур керебетин, УЗИ аппаратын Талды Сууга, Түп районуна дагы азыркы заманбап аппараттарды алып бергенбиз. Айта берсек, көп эле жардамдарды кылдык.

Карасаев айыл аймагына карантин учурундагы жардам

Жаңгак өстүрүү пландарым бар…

Келечектеги пландарыбыз жөнүндө айтсам, азыр жакшы долбоорлор менен иштеп жатам.Турцияда изилдеп жүрүп ал жактан Кыргызстанга жаңгактын көчөттөрүн алып келип, жаңы өндүрүш иштерин жүргүзсөкпү деп Баткен, Кадамжай, Лейлек райондук семинар өткөрдүм. Биз дагы ушул Көл аймагына дагы жаңгакты өндүрсөк бул негизи жакшы нерсе экен. Дүйнө жүзүндө жаңгак негизинен жетишпейт. Бизде көбүнчө алма, абрикос эгишет. Жазында мөндүр же суук уруп кетет деп элдер кыйналышат. Эгерде жаңгакты эксек туруштук берет жана Кыргызстандын келечегине дагы жакшы. Ушундай жакшы пландар бар.

Менин Кыргызстанга кааларым ушул пандемия оорусу тезирээк кетип, Кыргызстаныбыз өнүгүү жолуна түшүп өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулсун.

 

Кайрымдуулук фонд элеттик айымдарды жумуш менен камсыз кылды
Гүлназ Жумагулова