"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Бозонун пайдалуу жактарын билесизби?

19 Декабрь 2020 жыл 16:17
Көрүүлөрдүн саны: 432

Бозо – ачкыл ичимдик. Ошол эле учурда бозонун дарылык касиеттери чоң. Тасма айылынын тургуну Зийна Апызопа, бозо бөйрөк ооруларына жакшы, бирок кан басымды көтөрөт дейт билдирүүсүндө.

Зийна Апызопа- Тасма айылынын тургуну

Бозонун пайдалуу жактары

Бозонун көптөгөн ооруларга пайдасы бар. Мисалы, ичеги- карын ооруларында же гемоглобин түшүп кеткен убакта дары катары ичсе болот. Ал тамак сиңирүүгө пайда, уйку суроого жана асыроого каршы, сергектикке жакшы. Бозо бөйрөк ооруларына дагы жакшы, бирок кан басымды көтөрөт.

Бозо кантип жасалат?

Бозо — таруунун, жүгөрүнүн, арпанын, сулунун шагынан даярдалуучу ичимдик. Бозо салууда адегенде шак сууга чыланып ачытылат (1 күн), андан кийин кайнаган сууга ачыган шакты кошуп, бышырат (1,5 саат).

Бышырган шакты (атала) суутуп, угут (атайын 1 жума өндүрүлүп, кургатылып, тегирменге же жаргылчакка тартылган буудай) кошуп, жакшылап «чечтирип» аралаштырат, анан ачыткы (көрөңгө) кошулуп, жылуулап жабылат. Ал ошол калыбында 6-8 саат бою ачыйт. Ачыгандан кийин ага кайнаган суу кошуп, аталгы же баштык менен таза идишке сүзүлүп алынат.

 

Кыял Токонаева