"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Окуучулар миграция тууралуу түшүнүктөрүн конкурста көрсөтүп беришти

19 Декабрь 2020 жыл 21:34
Көрүүлөрдүн саны: 376

Caritas France колдоосу менен “Кыргызстандагы, Өзбекстандагы, Армениядагы жана Россиядагы өнөктөштүк аркылуу мигранттардын укуктарын коргоонун натыйжалуулугу” долбоорунун негизинде Каракол шаардык мектептер аралык конкурс болуп өттү.

Жеңүүчү соц тарбиячылар сыйлыктарын алышты

11-гимназия мектебинин соц тарбиячысы Сарманова Калипа Сарногоевна:
«Он сегизинчи декабрда болуп өткөн конкурс соц тарбиячылар арасында Каракол шаарында өткөрүлдү. Бул конкурсту биз класстык саатта «мигразия плюс» дегенди кандай деңгээлде билебиз, ушул жөнүндө аткарып, сахнада көрсөтүш керек болчу.

Биздин балдар сахна алдында дагы көрсөтүштү жана миграцияны дагы айтып кетишти. Биз дагы сценарий боюнча кара тизмеге ким кирип калат, каяктан кирет, эмне үчүн кирет, ким кирди, ким кирген жок дегендерди кантип билебиз жана дагы Россияга мигранттык учетто кандай өтүш керек, жанында кандай документтер болуш керек, кандай документтерди даярдаш керек деген маани менен маалымат бердик.

5-6-7-8-класстын балдары ушул сценарийден ар кандай мигранттардын көйгөйлөрүн кандай чечиш керек деген максатта ушул конкурс өтүлдү. Бүгүнкү конкурста биздин мектеп биринчи орунду алды».

11-гимназия мектебинин соц тарбиячысы Калипа Сарманова

Чолпон Сатыбалдиева Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси:
«Он сегизинчи декабрь мигранттар күнү белгиленип жатат. Бул датаны негизи жылда белгилейбиз. Бүгүнкү күндө мектептин соц тарбиячылар арасында шаардык кеңештин чечими менен конкурс өткөрүлдү.

Мигранттардын жана алардын балдарынын укуктары жөнүндө жана мыйзамдарды билишеби? Миграцияга чыгып калсак эмнелерди карап,эмнеге көңүл буруш керек, документтерди кандай толтуруш керек? Кимден жардам сураш керек, ушул боюнча конкурс өткөрүлдү.

Конкурс 16- декабрда график боюнча биринчи жана он бешинчи мектептер арасында өткөрүлдү, калган 6 мектеп 17- декабрда өткөрүлдү. Конкурска миграция программасын биздин бүтүрүүчүлөрдүн колдоно билүүсү киргизилген. Анткени мектепти бүтүп кеткенден кийин көпчүлүк окуучулар жогорку окуу жайына тапшырышпай эле жумуш издеп, акча табуунун максатында чет өлкөлөргө чыгып кетип жатышат.

Көпчүлүктөр миграцияга чыгып жаткандан кийин эрежелерди билишпейт. Мисалы, Россияга барышса ал жактан кимге кайрылыш керек дегендерди мыйзамды билишпейт. Анан ошол маалымдуулукту жогорулатуу болуп саналат. Конкурстун негизги шарттары миграциянын программасын жана закондорду билүү болчу. Бул маалыматтарды мектеп ичинен соц тарбиячылар класс жетекчилер үчүн өтүп берет, ал эми класс жетекчилер өздөрүнүн класстары үчүн класстык сааттарда өтүшөт.

Мындан сырткары ватсап группалар жана телеграмм группалар бар ошолор аркылуу дагы таркатышат. Бизде миграция көбөйүп жатат. Азыркы учурда биздин мектептерде жети жүздөй бала мигранттын балдары. Алардын дагы укуктарын таанытуу максатында ушундай иш- чаралар өткөрүлүп жатат. Бул уюштурууну Каракол шаардык кеңеш тарабынан өткөрдүк».

Чолпон Сатыбалдиева Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси

Айнаш Намазова иш- чаранын уюштуруучусу:
«Бүгүн биз конкурс өткөрдүк. Конкурска мэрдин өкүлү катышып көрүп кетти. Биз баарын жыйынтыктап, конкурс боюнча соц тарбиячылар арасында «мигранттардын жана алардын балдарынын укуктарын коргоо» боюнча конкурс жарыялаганбыз. Конкурсту жыйынтыктап биринчи орунду 11-гимназия мектеби алды, ал эми экинчи орунду 15-мектеп, үчүнчү орун 1-мектеп, төртүнчү орун 4-мектеп алды. Баарын грамота менен сыйладык.

Бул конкурста биринчи орун алган 11-гимназиянын окуучулары өздөрүнүн билимин көрсөтүштү, жогорку деңгээлде сценкаларды коюшту. Биз абдан сүйүндүк. Себеби, окуучулар мигранттардын көйгөйлөрүн билишти жана өздөрүн миграцияга даярдоосун көрсөтүштү. Бирок биз конкурс учурунда айтып жаттык бул деген үгүттөө эмес, чет өлкөгө кетпегиле, Кыргызстандын патриоттору болгула, Кыргызстанды жогорулатып, өнүктүргүлө, экономикасын көтөргүлө деген девиз менен конкурсту жыйынтыктадык».

Айнаш Намазова иш чаранын уюштуруучусу

Мигранттардын балдарына жөлөк пул төлөнбөйт
Гүлназ Жумагулова