"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Койду өзгөчө союу ыкмасы

20 Декабрь 2020 жыл 21:23
Көрүүлөрдүн саны: 102

Түп районунун Тасма айылынын тургуну Санжар Акылбеков «Койду насос менен үйлөтүп, союу ыкмасын көп адамдар биле бербейт» дейт өз сөзүндө.


Санжар Акылбеков
«Биринчи койду мууздап келип туруп, арткы шыйрагынан же астыңкы шыйрагын насос менен үйлөтүп алам. Себеби, этинен териси оңойураак сыйрылат. Кадимкидей эле буттарын, ичин кесип, арткы шыйрагынан асып, терисин сыйрып, жиликтейм. Мен дайыма кой сойгондо ушул ыкма менен сойом, беш алты жыл болуп калды. Ушул ыкма менен сойсо, баардыгы таза бат жана оңой. Муну мен атаман үйрөнгөм. Башка адамдардын дагы ушундай кылып сойуп жатканын көргөм, Чүйдөн таякемдерден. Негизи адамдар ушул ыкманы үйрөнүп алышса жакшы болмок. Иш оңой жана ыңгайлуу. Жалпы кыргыз элиме, ынтымак, ден- соолук, үй бүлөлүк бакыт каалайм, жаман дарт да мындан ары болбосун, эл ичи тынчтык жана бейпилдик болуусун каалайм.
Даярдаган: Эржан Мирлан уулу.