Азыркы учурда эң популярдуу болуп жаткан оюндардын бири көк бөрү. Көк бөрүнүн оң жана терс жактары. Ден соолукка тийгизген таасирлери.

Айбек Эсенгелдиев
Чоң-Тогузбай айылынын жаш көк бөрүүчүлөрүнүн бири
Айбек Эсенгелдиев
Чоң-Тогузбай айылынын жаш көк бөрүүчүлөрүнүн бири
«Ийгиликтерге көп эле жолу жетиштим. Окуучулар арасында өткөн көк бөрү оюнунда мыкты оюнчу деген диплом алгам. Чоңдор арасында өткөн оюндан мыкты коргоочу деген диплом алдым. Жакшы буюрса, көк бөрү ойногон жагат.
Көк бөрү ойногонума үйдөгүлөр каршы. Себеби улактан ар кандай болот. Жыгылып бир жеримди оорутуп алган учурлар.
Тийгизген оң таасирлери көптөгөн ийгиликтерге жетиштим, жакын досторду таптым, көп элге таанылдым. Ал эми терс жактары ар кандай жаракат көп алдым. Ден-соолугума да терс таасирлерин тийгизип алдым. Азыр алып аткан жаракаттарым кийин өзүмө терс таасир берет деп корккон учурларым да болот . Көк бөрү ойнобой эле коёюн деп таштаганга аракет кылдым. Бирок таштай алган жокмун».

Чоң- Тогузбай айылынын көк бөрүчүлөр тобу
«Азыркы учурда эң эле популярдуу болуп жаткан оюн көк бөрү. Көк бөрүнүн жакшы да жаман да жактары бар. Азыр балдарыбыз онлайн оюндарын көп ойноп кылышты. Телефонсуз жашоо жок болуп калгандай ойлошот. Кичине интернеттен алыс кылыш үчүн улуттук оюндарды ойнотконго да туура келет. Алардын бири көк бөрү. Оюнга жиберип атканда бир жерин оорутуп албасын, жакшы ойноп келсин деп жакшы ниет менен жиберебиз. Анда да тынч отура албай артынан барып, оюн бүткөнчө карап турган күндөр да болот. Бир жагынан карасаң кооптуу оюн. Көк бөрү ойноп катуу жаракат алгандарды да көрүп жүрөбүз».
Даярдаган: Айгерим Карыпбекова