"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Улакчылардын «ынтымак» эстафеталык мелдеши өттү

20 Декабрь 2020 жыл 22:48
Көрүүлөрдүн саны: 136

Түптө Ысык-Көл облустук «Ынтымак» эстафеталык улакчылардын мелдеши болуп өттү. Мелдеште Арык атанын улакчылары мыктылыгын көрсөтүп, Саруулуктарды 5:4 эсеби менен утуп алып, баш байге жеңил унааны утуп кетишти.

Түптөгү эки күнгө созулган улакчылардын Ысык-Көл облустук «Ынтымак» эстафеталык мелдеши жеңүүчүлөрдү аныктап, эстафетаны Ош облусунун улакчыларына узатты.

Бул күнү оюндун мыктысы «Арык ата» (Ак-Суу району) менен «Саруу» (Жети-Өгүз району) улакчыларынын ортосунда жүрдү. Финалдык беттеште мелдешкен бул эки команда негизги убакытта бири- бирин жеңе алышпай, эсеп 1:1 менен аяктап, буллитте Арык атанын улакчылары мыктылыгын көрсөтүп, Саруулуктарды 5:4 эсеби менен утуп алып, баш байге жеңил унааны утуп кетишти.

Экинчи орунду ээлеген Саруу командасына 40 миң сом, 3-орунду ээлеген Белек ата командасына 25 миң сом ,Бирлик командасына 15 миң сом (экөө тең Түп району)акчалай сыйлыктары жана медалдар, грамоталар менен сыйланышты.

Ал эми 40 жаштан өткөн улакчылар катышкан командалар арасында биринчи орунду, жеңил машинаны Бостери айылынын «Кабылан» командасы, 2-орунду ээлеген «Ысык-Көл» курама командасы 40 миң сом (экөө тең Ысык-Көл району)утуп алышты. 3-4- орундарды ээлеген Түп районунун улакчылары «Белек ата» командасы 25 миң сом,Түп курама командасы 15 миң сомдон байгени утуп алышты.

Жеңүүчү командаларга кубок жана 4 командага ээлеген орундарына жараша медалдар,грамоталар тапшырылды. Мындан тышкары, мыкты улакчы, мыкты ат сыяктуу номинациялар боюнча да мыктылар аныкталып, аларга да дипломдор менен акчалай сыйлыктар берилди. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн биринчи орун басары У.Далиев, КРнын Көк бөрү федерациясынын президенти И.Кадыркулов, коомдук ишмер К.Самаков, «Ынтымак»уюштуруучулар тобунун жетекчиси А.Түмөнбаев жана Ош,Жалал-Абад облустарынан келишкен коноктор тапшырышты. Уюштуруучу топтун жетекчиси А.Түмөнбаев «Ынтымак» эстафетасын Жалал-Абад областык улак федерациясынын президенти Б.Дыйканбаевга узатты.

Эки күн бою улак оюнун белгилүү алып баруучу, артист Асылбек Өзүбеков алып барды.

Мурат Жумакадыров, Эржан Мирлан уулу