"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Манас таанууну мыкты билген айыл тургуну

23 Декабрь 2020 жыл 21:38
Көрүүлөрдүн саны: 122

Сары-Тологой айыл башчысы Руслан Абдыкеримов онлайн «Манас тесттен» берилген 20 суроого туура жооп берип, 1500 катышуучунун ичинен жеңүүчү деп табылып, КРнын маданият министри Нуржигит Кадырбековдун өз колунан сыйлык алып жердештерин кубандырып отурат. Русландын жаш болсо да аткарып жаткан иштери арбын экенине күбө болдук.

Сыйлык тапшыруу аземи


Түп районунун Санташ айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Тологой айыл башчысы Руслан Абдыкеримов онлайн «Манас тесттен» берилген 20 суроого туура жооп берип, 1500 катышуучунун ичинен жеңүүчү деп табылып, КРнын маданият министри Нуржигит Кадырбековдун өз колунан сыйлык алып жердештерин кубандырып отурат. Русландын жаш болсо да аткарып жаткан иштери арбын экенине күбө болдук.

Сары-Тологой айыл башчысы Руслан Абдыкеримов


Руслан Абдыкеримов 1989-жылы 14-октябрда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Тологой айылында туулган. Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин журналистикасын бүтүргөн. 2018-жылдын 1-ноябрынан баштап Сары-Тологой айылынын айыл башчысы болуп иштейт. 2016-2017-жылдары Казакстандын Алматы шаарындагы Мамлекеттик, борбордук архивинде Муратаалы бий Бирназар уулу тууралуу архивдик документтерди изилдөөнү баштаган. Муратаалы бийге тиешелүү 50 дөн ашык архивдик материалдарды таап келген. Архивдик документтерди таап келгенден кийин Түп районунун Сары-Тологой айылындагы мектепте Муратаалы бий Бирназар уулуна арналып музей уюштурулуп, илимий конференция өткөрүүгө жетишкен. Ушул тапта Сары-Тологой айыл башчысы Руслан Абдыкеримов башында турган топ 2022-жылы өтө турган Муратаалы бийдин 240 жылдыгына даярдык көрүп жаткан мезгили.

Даярдаган: Мурат Жумакадыров