"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Көп жылдан бери мал чарбачылык менен алектенген айыл тургуну

24 Декабрь 2020 жыл 21:55
Көрүүлөрдүн саны: 131

Тасма айылынын тургуну Токонай Кожоев көп жылдан бери мал чарбачылык менен алектенип келет. Мал багуудагы кыйынчылыктар жана жетишкендиктер тууралуу маегибизде айтып берди.

«Мен Айыл чарба Техникумун 1960-жылы бүтүп, анан айылыма келип, ошондон бери чарба менен алектенип, жалаң чарбачылык менен оокат кылып, чарбачылыкта да иштедим. Тасма айылында, Кара-Суу айылында ошол мал чарбасын тейлеп, ушу убакка чейин мал чарбачылыгы менен алектенип келем. Эми азыркы убакта жалаң мал чарбасы менен жашоо болуп калды.

Союз тарагандан кийин мал- чарбачылыктын баары жоюлду, элге кыйынчылык болду. Эл өз камын өзү көрүп, баарын өзүлөрү тейлеп, анан же биякта чыгарган завод жок же фабрика жок же өкмөттүн иштей турган иштери жок, жалаң жеке чарба болуп өзүбүзчө иштеп калдык. Ошондон бери мал-чарбачылыгы жеке чарба болуп, өзүнчө фермер болуп азыр эмгектенем.

Малды баккан дагы кыйын, тапкан да кыйын. Малды багыштын көп жолдору бар.

Мисалы, менде койлор, уйлар, жылкылар бар. Ошол үчөө менен, анан өзүмө тийиштүү жерди иштетем. Малды багыш үчүн тоют кенен болуш керек. Тоютуң кенен болбосо, тоютуң жетпесе мал багыш абдан кыйын. Анан тоютту малдын санына жараша өзүнүн канча тоют керек. Ошону сарамжалдап , ошол малдын башына канча тоют кетет , ошонун баарын эсептеп анан тоютту ошол бекитилген жерге тоют экспорсет чөп, саман, эгин, арпаларды айдап малымды бактырып, өстүрүп, тейлеп, балдарымды багып келе жатам.

Карантин деген ал бүт өлкөдө болуп жатпайбы анан карантинде карап отурбай ошо ден-соолук болсо, өзүбүздүн чарбабызга мурункудай эле жер айдап, чөп камдап. Карантинди эл көтөрүп атат, эл катары биз да ошондой көтөрүп жакшы эмгектенип жатабыз. Эми мал-чарбасы жөнүндө айта берсем абдан көп, сөз айтканга жеңил анын барын кылыш өтө кыйын. Чарба тейлеген ар бир кишинин башында бар. Ошолорго мен айтаар элем, чарба күткүлө эмгектенгиле, бекер жатпагыла. Эмгектенсенер анан жакшы заман болот, жакшы жашайсыңар».

Кайрымдуулук фонддор азык түлүк менен шаарды камсыз кылды
Кыял Токонаева