"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Виртуалдуу оюн балдарды реалдуу жашоодон алыстатат

24 Декабрь 2020 жыл 22:00
Көрүүлөрдүн саны: 151

Азыркы учурда жаш балдарды виртуалдуу жашоодо жашатып, алардын психологиясына зыян келтирген оюндар көп. Окуу онлайн түргө өткөндүгүнө байланыштуу элетте балдар чөнтөк телефонду дайыма колдонууда. Ал эми виртуалдык оюндар балдарды физикалык күчтөн алыстап, жатып, отуруп «Фри фаер» оюунун ойношууда.

Балдары физикалык жактан алыстатып жатканын байкасак болот

Атын айтуудан баш тарткан Тасма айылынын тургуну:
«Мен балдардын «Фри фаер» оюунун ойношуна каршымын. Себеби, ал оюнда адамдарды өлтүрүп ойношот экен. Алар кийин анан кандай таасир берет, ким билет? Балдар эмес кыздар дагы ойношот. Бош болгон сайын эле ошол оюнга кире калышат. Пайдасы деле жок болушу керек. Зыяндуу жактары абдан көп деп ойлойм. Көздөрү бузулат, адам өлтүрүп ойногондо терс таасирин берет. Убактыларынын баары текке кетет. Максаттарыңа жолтоо болот. Алар азыр эч нерсени түшүнүшпөй эле, айтса жаман көрүшөт»,-дейт.

Асан Сопиев мектебинин 6-классынын окуучусу Нуржигит Токторов:
«Фри фаер оюунун ойнойм, бул оюн мага жагат. Оюн менин максаттарыма жолтоо болбойт. Себеби, бул оюнду убагы менен гана ойнойм. Күнүнө жарым сааттай убакыт бөлөм».

Айыл тургуну, ата-эне Нургүл Ибраева балдарынын оюндарды ойноосуна каршы эместигин билдирди:
«Менин балдарым «Фри фаер» ойунун ойношот. Мен алардын ойношуна каршы эмесмин. Бирок убакыт менен ойношсо жакшы болмок».

 

Айтунук Токторова, Аяна Жайлобаева