Быйылкы жыл баардык нерсенин баркын билген жыл болду. Кээ бир адамдарга жакшы таасир калтырса, кээ бирлерине жаман таасир калтырганын билдиришет айыл тургундары.
Тасма айылынын тургуну Завира Атантаева:
«Жалпысынан жыл оор өттү. Анткени көп адамдар оорушту, катуу ооруган адамдар да болду. Больницага барып жатып келишти. Айылдан да укол алып жатышты. 2020- жылдын таасири бул- көп адамдар пневнания болду. Элдер бири-бирине колдон келишинче жардам беришти. Демөөрчүлөр, мигрант балдар, укол, капельница, аппараттарды алып келип берип жатты . Ушул жыл жаккан жок, элдин көбү ооруду, коркунучка учурады, стресске кабылдык. Жакшы жактарынын бири кээ бир адамдар оорудан коркпостон тойлорду өткөрүштү» дейт билдирүүсүндө.
Тасма айылынын тургуну Завира Атантаева
Карантинде окутуу онлайн болгонуна байланыштуу ата-энелер балдарынын сабактарына жардам беришти