"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Президенттик шайлоо келечекти тандоо

11 Январь 2021 жыл 23:13
Көрүүлөрдүн саны: 241

Шайлоо 2021 бул бир гана президентке гана добуш бербестен башкаруу кандай болушун элдин тандоосун, каалоосун да көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү шайлоо болду.

Аппарат кызматкери Салыкбаева Гүлнара Кыдыралиевна

Аппарат кызматкери Салыкбаева Гүлнара Кыдыралиевна:
«Биздин шайлоо участкабыз 30-80де, жалпы 1650 шайлоочу бар. Президенттик шайлоого биздин элибиз эң жакшы деңгээлде активдүү катышышты. Мурунку шайлоолорго салыштырмалуу элдин активдүүлүгү жана түшүнүктөрү жакшы. Ошондой эле ар бири санитардык эрежелерди туура сактап жатышты. Аппараттан эч кыйынчылыктар болгон жок, бардыгы жакшы деңгээлде иштеди».

Шайлоо байкоочусу Бакыт Канаев

Шайлоо байкоочусу Бакыт Канаев:
«Мен шайлоого байкоочу катары келгем. Элдердин бары ынтымактуу биримдикте шайлап беришти. Бардыгы ойдогудай мыйзам бузуулары жок өттү. Элдин маанайы жакшы жана катышуулары дагы активдүү. Эч кандай көйгөйлөр жок бардыгы мыкты. Бул шайлоо мурункуга караганда тынчтыгы менен айырмаланууда.

Мисалы, мурунку шайлоодо адамдарды тынчтык сакталган эмес, азыр болсо бардыгы тынч жакшы тартипте өттү. Ар бир адам өзүнүн көңүлүнө жаккан талапкерди шайлашты. Мен бул шайлоодо байкоочу катары шайлоо ачылгандан баштап жабылганга чейин болдум».

30/80 шайлоо учаскасынын төрө айымы Өмүрзакова Назира Султанбековна

30/80 шайлоо учаскасынын төрө айымы Назира Өмүрзакова:
«Шайлоого адамдар активдүү катышты. Аппараттар бардыгы жакшы иштешти. Мүчүлүштүктөр деле болгон жок. Имараттын ичи жылуу бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир отчетторду эки сааттын аралыгында айыл өкмөткө, жогорку жактарга тиешелүү адамдардын барына маалымат берип турдук. Жөнөткөн учурда дагы адамдардын катышы улам- улам көбөйүп турду. Бизде байкоочулар бирөө бар башка жактан байкоочулар келген жок. Бизде мурунку шайлоодо бир эле тизме менен иштегенбиз. Бул шайлоодо эки тизме менен иштегенге кичине адамдар да кармалып жатышат».

Асан Сопиев мектебинин соц тарбиячысы мугалим Ширин Жанекова

Асан Сопиев мектебинин соц тарбиячысы мугалим Ширин Жанекова:
«Шайлоо жакшы деңгээлде өттү жатат деп ойлоймун. Мен өзүм үй- бүлөм менен шайлоого келгем. Карасак, элдин активдүүлүгү байкалып жатты жана ичинде бардык санитардык эрежелер сакталып жаткандыгын көрдүк. Мурдагы эки, үч ай мурунку парламенттик шайлоодо элдердин өз ара бөлүнгөндөрү байкалган. Мунусунда болсо бөлүнүүчүлүк деген нерсе жок, бардыгы бир добуштан бир талапкерди колдоп жатышкандай».

Шайлоо учуру
30/80 шайлоо участкасында. Шайлоочулардын саны 1170 адам

Добуш бергендердин саны 595
Жарактуу саны 591
Жараксыз 4
Жапаров Садыр Нургожоевич 577
Арстанбек Мыктыбек 2
Ташов Имамидин Асамидинович 5
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 3
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 1
Калган талапкерлерде 0 деген жыйынтык болду

 

Гүлназ Жумагулова