"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Ден соолук биринчи байлык

15 Январь 2021 жыл 15:45
Көрүүлөрдүн саны: 121

Ар бир адам өзүнүн ден соолугуна кам көрүүсү зарыл. Ден соолукту сактоо адамдын биринчи максаты. Дениң сак болсо бардыгына жете аласың.

Тасма айылынын тургуну Какен Муканбетова


Тасма айылынын тургуну Какен Муканбетова:
«Мен үчүн ден соолук узун өмүр.Ден соолугуң болсо баардыгы табылат, байлыгың да болот.Ден соолукту сактоо жеке адамдын негизги максаты деп эсептейм.Себеби ден соолук болбосо адам баласы иштей албайт жана кыймылы дагы оор болуп калат.Мен ден соолугума жакшы кам көрөм.Мисалы:убагы менен тамактанам, витамин даарыларын ичем,бирок даарыны дагы ченеми менен ичиш керек.»

Аталган айылдын тургуну Орозакун Солтобаев


Аталган айылдын тургуну Орозакун Солтобаев:
«Адамда ден соолук эң биринчи байлык.Ар бир адам өзүнүн ден соолугу үчүн кам көрүүсү керек.Ал үчүн ар дайым гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап,ар кандай жаман адаттардан алыс болуу керек,мисалы: тамеки тартуу,арак ичүү сыяктуу илдеттерден.Эгерде адамда бардыгы болуп туруп ден соолугу болбосо анда эч нерсе ден соолукка тең келе албайт.Ал эми ден соолугуң болсо байлык, жана башкалар оңой эле табылат.»

Мен Кулипа Кыялиева Тасма айылында жашайм. Ден- соолукту биринчи орунга коёбуз, ден-соолук деген байлык. Ден-соолук болбосо жашоодо кыйынчылык нерсе болот. Ошол үчүн биринчи байлык ден -соолук болсун. Ден-соолукту сактоо жеке адамдын негизги максаты болот деп эсептейм. Себеби: ден-соолукту караш керек, ден-соолукту карабаса кайдан. Ден-соолукка көңүл бөлүш керек. Ары-бери басканда да ден-соолук керек. Ден-соолугубузга болушунча эле аракет кылабыз, бирок ден-соолук сөзсүз бир адамдын органдары ооруйт турбайбы. Ага болгон дары-дармети ичип, больницага көрүнүп турабыз. Колубузга келген ишти жасап.
Даярдаган: Сезим Темирова, Кыял Токонаева.