"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жол жумушчулары: Кыш келгенде жол жумуштары оорлойт

15 Январь 2021 жыл 15:33
Көрүүлөрдүн саны: 262

Ысык-Көл облусунун «Түп Кеген» жолунда  эмгектенген жумушчуларга кыш мезгилинде шарттар оор. Себеби, Каркыра өрөөнү дайыма шамал, кар болуп турган аймак. Жумушчулардын айтымында айылдан барып- келип иштөө кыйын, андыктан жатып иштегенге жай салынса деген үмүттөрү чоң.

Жол тейлөө мекемесинин башкы инженери Иманкулов Нарынбек Аскарбекович

Жол тейлөө мекемесинин башкы инженери Нарынбек Иманкулов:

«Түп- Кеген» жолунда 60-70 чакырым 2 башат алган жерде өзгөчө бороон чапкын болуп турат. Техникалар иштеп жатат, мисалы, 170 трактору жана автогрейдер, булар Каркыра айылына чейин жүрүп барышат.

Кыш мезгилинде кыш күрөө жумушу өтө чоң жана оор. Кар жаап жаткан мезгилде жолго индеттик материалдар туз чачуу, кар тазалоо жумуштары менен алекпиз. Андан башка сууларды буруу, жолго чыккан суу жана муздарды чагуу, жолдорго көлөкө келтирген жапайы өскөн бадалдарды түп тамыры менен алуу менен алектенип жатабыз. Техникаларды бороон болуп жаткан кезде оң абалда кармоо бул абдан оор. Анткени техникалардын эскилиги жеткендигине байланыштуу. Биз ошого карабастан тазалоо жумуштарын өз убагында аткарып жасаганга бүт аракеттерибизди жумшап жатабыз.

Азыркы күндө бизде 37адам иштейт. Жумуш графигибиз 8ден 5ке чейин. Ал эми дем алыш күндөрү же майрам күндөрү дежурныйга коёбуз, кар жааган кездерде күнү-түнү иштейбиз. Түп районунда 13 айыл өкмөтү бар, биз ошонун баарын тейлейбиз.

Техника жагын жаңылап турууга тетиктерди алып келишет. Түп району акимчилик тарабынан эч кандай акча бөлүнбөйт. Бирок биз кайрылуу берип жылдын башында бекиген жумуштарга титулдук тизмеге кирген жумуштарды аткарууга даярбыз.

Жолду оңдоо иштеринде жумушчулар ден- соолугуна залал келтирип алса, андай болбой эле койсун бирок, өкмөт тарабынан жеңилдетүүлөр болот. Дем алыш күндөрү жумушчуларга абдан оор. Каркыра өрөөнүндө дайыма бороон болуп турат. Ошол бороон, шамаалга карабастан жумушчулар техникаларын айдап чыгып, жол тазалоо жумуштарын кылышууда. Эгерде жолго кулап калган бак-дарак жумуштары болуп калса индеттик материалдын жардамы менен кылышат. Кээде түшкү тамактанууну дагы кылбай иштешет.»

Жол оңдоочу Исмаилов Кубан Дердешович

Жол оңдоочу Исмаилов Кубан Дердешович:

«Менин жол оңдоп иштегениме 10 жыл болуп калды. 10 жылдан бери номер 4-жол тейлөө ишканасында иштейм жана автогрейдер айдайм. Азыр кар калың жааганда оор участоктор Каркыра жана Санташ айылдарына чейин барам. Кээде жумуш оор болуп калат кеч келем үйгө. Азыр көбүнчө шамал болуп жатат, шамал ачык жерлерди бүтөп салат. Аларды барып ачабыз суук болот.

Акча аз канааттандырбайт, иштегенде табасың иштебесен таба албайсын. Ошондуктан эмгектениш керек. Негизи жол боюнча эмгек акы аз болот акчаны аз алабыз баарыбызга, ушул жагынан кыйынчылыктар бар. Бирок мага өзүмдүн жумушум жагат берилүү менен аткарам, көңүлүң эмнени кааласа баарын көңүлдүү аткарасың.

Мен жаңы бийликтегилерге, жаңы Президентибизге кайрылуум Түп жолун бүтүрүүгө жардам кылып, акча бөлүп берсе жакшы болмок. Жылда ушул жол оңдоо максатыбыз ишке ашпай жатат.Биздин талап жол ишканасына жаңы техникаларды берип, жаңы ишканаларды тургузушса дейт элем жана дагы алыскы участкаларга жылуу үй, жатканыбызга гараж салып беришсе ошол жака түнөп иштейт элек.»

 

 Гүлназ Жумагулова