"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

“Нур Fm” Жамааттык мультимедиа борбору эки күндүк тренинг өттү

17 Январь 2021 жыл 17:08
Көрүүлөрдүн саны: 121

Тасма айылындагы “Нур Fm” Жамааттык мультимедиа борборуна жаңы келген кабарчылыр үчүн эки күндүк окуу тренинги болуп өттү. Окутуу негизинен мультимедианын ыктыярчыларын көбөйтүп, борбордун активдүү иш алып барышына багытталды. Тренингден кийин “Нур Fm” ЖМБ командасы 20 кабарчы менен толукталды.




Тренигдин уюштуруучуларынын бири Эркайым Эрикованын айтымында «Нур  Fm» ЖМБ нун кеңейип, активдүү иш алып барышына Жамааттык мультимедиалар биргилиги кызыктар жана шартты түзүп берген дал ушул бирлик.
Эркайым Эрикова:
“»Нур Fm Жамааттык мультимедиа борборунун мурдагы бүтүрүүчүсү Айгерим Кубатбекова экөөбүз бирлике долбоор жазып, бул эки күндүк тренинг дал ушул долбоордун алкагында болуп жатат. Негизги максат: Нур Fm ЖМБ на көбүрөөк ыктыярчыларды тартып, аларга түрткү берип, борбордун активдүү иш алып барышына өбөлгө түзүү болгон. Учурда тренингке Тасма айылынан эле окуучулар келген жок. Кош-Дөбө, Токтоян, Тогузбай, Арал айылдарынан да келип окуп, радионун ыктыярчысы болууга кызыгып жатышат. Катышуучуларга биздин тренинг жагып жатат деген ишеничтемин”.

Аталган тренингдин катышуучусу , Долон айылынын 10-классынын окуучусу Акбермет Сыдыкбекова келечекте журналист болгусу келет. Ошол себептен бул тренингке катышып жатат:
«Мен бул өтүлүп жаткан тренингден көптөгөн жаңы нерселерди үйрөнө алдым. Мисалга, адамдар менен тил табышып сүйлүшүүнү, жаңылык жазууну, алдыга койгон максатка жетүүнү, кантип кабарчы болууну. Бул тренинг менен мен келечектеги кесибиме абдан чон таасир тийгизе алды. Мындан ары дагы бул окуудан алган билимимди тереңдетип, ушул сыяктуу нерселерге көп барам. Ушул тренингди уюштуруп берген адамдарга ыраазычылык билдирем».

Бул эки күндүк тренигден кийин аймактын окуучулары Нур Fm Жамааттык мультимедиа борборуна ыктыярчы – кабарчы катары кабыл алынышты жана борбордун ыктыярчылары тийиштүү билимдерге ээ болушту.
Даярдагандар: Аиша Кожоталиева, Айдана Канатова.