"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылындагы таштанды көйгөйү

17 Январь 2021 жыл 14:31
Көрүүлөрдүн саны: 232

Тасма айылында таштанды көйгөйү көп жылдардан бери чечилбей келет. Айыл ичи, өзгөчө андагы көчөлөр желим бөтөлкөлөргө, ар кандай тамак аш калдыктарына толгон. Бул көрүнүш айыл көркүн гана бузбастан андагы тургундардын ден соолугуна да терс таасир тийгизет.



Ысык –Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын мед айымы Айгул Маматова таштандылар адамдын саламаттыгына коркунуч туудуруп, жаны оорулардын пайда болушун шарттайт:
«Айыл тургундарын ден-соолугу түздөн түз тазалыкка байланыштуу. Алсак, таштандыларга чымын-чиркейлер конгондуктан, курттайт, кийин ал чымын-чиркейлер адамдардын тамак-аштарына келет. Мындан улам, ичеги-карын оорулары пайда болот.»

Ошол эле айыл жашоочусу да Абдразак Асанбаев айылдаштарын жаратылышты таза кормоого чакырат:
«Айылдагы мындай көрүнүшкө андагы жашоочулар себепкер болууда. Таштандыны туш келди таштаганыбыз өзүбүзгө эле жаман көрүнүп, балбаалап иретсиздик жаратууда. Бул жаратылышка дагы терс мамиле. Мисалы: ар бир адам таштандыны урунага салып, таза кармообуз зарыл. Адамдар аң сезимдуу болсо, таштандыларды урунага жана атайын казылган жерлерге салат болчу. Мен өзүмдүн үйүмө атайын таштандыларды салганга аң казып койгом.»
Бул көйгөйдү чечүү максатында айыл четине таштанды таштоочу жай казылган. Бирок, аны алыстыгынан улабмы айтор тургундар ал жерге сейрек каттайт.
Даярдагандар: Кыял Токонаева, Үмүтай Сапарбекова, Айдеми Барыктабасова