"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Окуучулардын бул жылдагы предметтик олимпиадага даярдыгы кандай?

17 Январь 2021 жыл 16:09
Көрүүлөрдүн саны: 132

Асан Сопиев атындагы орто мектебинин окуучулары көп жылдан бери мектеп аралык предметтик олимпиадаларда биринчи орундарды багындырып келишкен. Бирок, акыркы жылдары окуучулардын билим сынактарына катышуучусу солгундап, жетишкендиктери азайган. Мындан улам аталган мектептин мугалимдери окуучуларын 26-январда өтүлүүчү райондук олимпиадага кызуу даярдап башташты.


Мектеп директору Алик Мамытов учурда сабактардын сааттары кыскаргандыктан окуучулар райондук олимпиадага окуулары бүткөндөн кийин кошумча окуп, даярданып жатышкандарын билдирди.
«Сопиев орто мектебинин окуучулары 10 предмет боюнча өтүлө турчу райондук олимпиадага даярданып жатышат. Түштөн кийин жана сабак учурунда мугалимдер өзүлөрүнө бөлүнгөн окуучулар менен иштешишет. Ошондой эле бизде окуучуларды олимпиадага даярдай турчу материалдар көп. Алсак ар кандай жаны чыккан китептерден, тесттерден жана сайттардан да карап мугалимдер окуучуларды сынака камдап жатышат».

Мектеп директору Алик Мамытов

 

Ал эми ошол эле мектептин орус тили жана адабият мугалими Кымбат Жылкыбаева олимпиадага окуунун алдынкылары тандалып алынарын айтты:
«Олимпиадага даярданууда китептер, атайын орус тилинин словарларын колдонобуз. Ошондой эле ЦООМО нун сайтынан маалымат алып даярдайм. Жылыга эле ушундай ыкмалар менен багыт берем. Негизинен жок дегенде менин сабагымдан эки окуучу болсо дагы орун алып келишет. Алсак өткөн жылы Жазгул Шайдаркунова 3-орунду, Сезим Абдыбекова 2-орунду багындырып келишкен».

Кымбат Жылкыбаева мугалим

10-классынын окуучусу Канайым Шаяхматова мугалимдеринин даярдыгы менен быйыл да орун алып келерине терең ишенет:
«Быйыл өтүлө турчу олимпиадага кызуу денгээлде мугалимим менен биргеликте даярданып баштадым. Былтыр тарых сабагынан 1-орунду ээлегем. Быйыл дагы жакшы ийгиликти багындырам деген ойдомун. Учурда биз сынака түштөн кийин даярданып жатабыз. Эгерде эжейдин убактысы жок болуп калса өзүм эле даярдана берем. Мугалимим дагы тапшырмаларды берип турат. Эжейим дагы билбей жаткан учуруда көмөк көрсөтүп, шарт түзүп берет».

Айдын аягында болот турчу райондук олимпиадага Асан Сопиев орто мектебинен жалпысынан 30 окуучу катышат жана баардыгы учурда мектептин атын чыгаруу үчүн сынактан биринчиликти багындырууга максат коюшкан.

 

Аяна Жайлобаева, Акбермет Сыдыкбекова, Баян Жайлобаева