"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Жылдагыдан башкача кыш

17 Январь 2021 жыл 16:32
Көрүүлөрдүн саны: 184

Тасма айылында кыш быйыл жылдагыдан өзгөчө. Ар кыш сайын калың кар түшкөн аймака мунусунда дээрлик аз жаап, аба ырайы айыл тургундарын таң калтырууда. Бирок климаттын мындай күтүүсүз өзгөргөнү айыл жашоочуларына терс таасир берет экен.

Кардын аз жаашы бул климаттык шарттын глобалдык маселелеринин бири мындай ойду Асан Сопиев атындагы орто мектебинин география мугалими Ороз Садабаев билдирди.
“Жыл сайын климат жана нымдуулук өзгөрүп жатат.Мисалы: жылдан жылга нымдуулук азайып, жай мезгили кургак ,ысык болууда. Негизинен бул табигый нерсе, бирок мындай климатык өзгөрүүлөргө адамдардын да күнөөсү бар. Себеби эл азыр күйүүчү отун, кара алтынды көп колдонуп, таштандыларды туш келди өрттөп жатышат. Эгерде мындай нерселерди кылбаганыбызда кар калың түшүп, жерге ным көп сиңип,жайында жерде кургакчылык болбойт эле.


Кар кыш мезгилинде жакшы жаабаса, жаз айларында күтүүсүз көп жаашы толук ыктымал. Физика мугалими Ишен Ибраевдин айтымында мындай аба ырайыи эми элдин көйгөйүнө айланат.
Жылдан жылга мезгилдер ар кандай болуп калууда. Кышында кар аз жаап, элге кургакчылык алып келсе, жазында тескерисинче күн суук болуп элге бир топ кыйынчылык алып келет. Бул климаттык шарттын көйгөйү. Мындай аба ырайынын жылдан-жылга өзгөрүүлөрүнө бирок адам баласы өзү гана себепчи болуп жатат.

Ошондой эле айыл тургуну Эмилбек Шалтабаев да быйылкы кыштын жылдагыдан башкача болгону түшүмдүлүктү азайтаарын айтып түйшөлүүдө.
“Бул кышта кар аз жаады.Аз жааган кардын кесепетинен жерде кургакчылык болуп түшүмдүүлүкө зыянын алып келиши толук ыктымал.Өсүмдүктөрүбүз жакшы чыкпай түшүмүбүз мол болбой калышы мүмкүн.”
Кыштын кыштай болгону эле жакшы учурда Тасма айылынын тургундары быйылкы аз кар жааган мезгилге ушундай баа беруүшүүдө. Бирок мындай климаттык өзгөрүүлөргө тургундар өзүлөрү гана себепкер экен.
Даярдагандар: Сезим Темирова, Эржан Мирлан уулу, Айзада Туратбекова.