"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Учурда көк бөрү оюну жаштар арасында белгилүү

17 Январь 2021 жыл 15:51
Көрүүлөрдүн саны: 145

Азыр жаштар улуттук оюн болгон көк бөрүнү кызыгуу менен ойношууда. Оюндун кооптулугуна карабай өспүрүмдөр ага катышууну каалашат. Улак учурунда оюнчулар кызыл кандуу болушуп айрым учурда катышуучар ден-соолугуна зыян алып келгендерин учуратууга болот.




Акыркы мезгилдерде айыл жаштары улуттук оюн көк бөрүнү тынымсыз уюштуруп келишүүдө. Аталган оюнга мектеп окуучулары дагы катышууну каалашат. Көк –Бөрү оюнунун сүйүүчүлөрүн бири 13 жаштагы Арсен Шербакунов 3жылдан бери бул оюнга катышаарын айтат:
«Мен жакында эле эки кун мурун Арал айылында болуп өтткөн оюнга катышып келдим. Көк –бөрү ойноодо негизи минген аты, ойногон оюнчусу дагы күчтүү болушу керек. Ошондой эле оюнчунун кызыгуусу куч болгондо жеңиштерди багындырат. кийин дагы такай катышып байгелуу орундарга ээ болуп ,бул оюнду жайыльып,келечеги зор экенин айтты»
Айыл тургуну Канат Абдылдаевдин дагы баласы көк-бөрү ойнойт . Ал бул оюнду кыргыз уулдары эзелтен ойноп келе жатканын белгилеп, жаштардын оюнга тартылуусу колдоого арзырын билдирет:
«Мен баламдын көк бөрү оюногонун колдойм, ага каршы эмесмин. Атын багып, шарт тузүп бергенге аракет кылам. Балам оюнга абдан кызыгат. Келечекте баламан көп нерсени үмүттөнөм.»

Айыл ичинде ар кандай тойлор уюушулганда. Тактап айтканда үлпөт той, жентек той, сүннөт той ар кандай маарекелерде той ээлери тарабынан улак берилип, жаштар көк бөрү тартышат. Ал гана эмес, коңшу айылдар ынтымагын бекемдөө максатында айылдар аралык оюн уюштурууну адатка айландырып алышкан. Дайымкы көк –бөрү оюйночулардын бири Бекжан Асанканов буларга токтолду:
“Бул оюн өзгөчө эки жылдан бери тынымсыз уюштурулуп,жаштар арасында жайылып жатат. Ошондой эле биз 20 кундо бир беш айыл жаштары биригип шерине өткөрүп турабыз.”
Жаштар ар кандай туура эмес нерселерге азгырылбай улуттук оюндарды ойноп турганы жакшы көрүнүш экенин айтышат. Ошондой эле мындан ары дагы бул оюн дайыма өтүлүп тураарын билдиришет.

Даярдагандар: Айжан Мырзабекова , Айназик Кубатбекова, Фатима Эсенканова