"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Арал айылынын окуучусу Сингапурда билим алууга жолдомо алды

24 Январь 2021 жыл 12:04
Көрүүлөрдүн саны: 374

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылынын 11-классынын окуучусу Айым  Мырзабекова  гранттын негизинде  «Келечек фонду»  тарабынан уюшулган  конкурстан женүүчү деп тандалып, анын негизинде Сингапур шаарында окуп келүүгө жолдомо алды.

Айым Мырзабекова

Ал  буга чейин көптөгөн ийгиликтерди багындырып келген. Айым Мырзабекова бул сынак туурасында эжесинен угуп даярданып баштаган:
«Мага бул тууралуу эжем айтып калды аны угарым менен аракет кыла баштадым. Документтерди, буга чейинки ийгиликтеримдин бардыгын шаарга барып, «Рerspective» борборуна өткөрдүм. Жыйынтыгын уккан соң кийинки этапта дил баян менен тест болду, андан өттүм. Акыркы тур «Менин чет мамлекеттеги окуум Кыргызстаныма кандай пайдасын тийгизет» деген темада презентация жактадым.

Бишкек шаарында өтүлдү, 2 саат аралыгында жыйынтыгын чыгарышып, өткөн 5 окуучуга Кубанов  «Сертификат» тапшырды. Ошентип окууга жолдомо алдым»,- деп билдирди Айым Мырзабекова.

Айым Мырзабекова

Айымдын  мугалими жана класс жетекчиси  Алмаш Андосова окуучунун ийгилигине кубанып жатканын жашырган жок:
«Менин кубанычымда чек жок, биз аны менен сыймыктанабыз. Окуучумдун ийгилиги мени абдан таң калтырды. Бир четинен таң калдым, экинчи четинен абдан сүйүндүм. Анткени бардык окуучулар эле мындай иштерге далалат жасай алышпайт.

Бул конкурска катышып жатканын башында уккан эмесмин. Билдирип, кайрылган соң мектеп администрациясы тарабынан сунуштама кат берилген. Айым абдан таланттуу кыз, бардык жагынан төп келишкен, ага өзгөчө тактыгы , алдыга умтулгандыгы, өз сөзүнө тургандыгы, аракети абдан жагат. Активист окуучу, бардыгын бешке өздөштүрөт. 9-класстан кызыл күбөлүккө ээ болгон. Эми алтын тамгага аракеттенип жатат. Буюрса ага дагы ээ болот деген ойдомун»,-деп  белгиледи Алмаш Андосова.

Айым Мырзабекованын класс жетекчиси- Алмаш Андосова

Аталган мектептин директору Гулжамал Жаныбаева бул жакшы жанылык болгонун белгилеп жатып, башка окуучуларды дагы ушундай аракет кылууга үндөдү:
«Биздин мектепте буга чейин мындай окуучу чыккан эмес. Анын сүйүнүчтүү жанылыгын уккан соң, абдан кубандым. Бирок окуучума башынан ишенчүмүн. Анын дилгирлиги анын башкы миссиясы болчу. Сингапур шаарынан үч ай окуса англис тилин мыкты өздөштүрөт деп ишенем. Бул анын эң жогорку аракети болуп саналат. Аны менен бирге Нурсултан Кубанов, Бекназар Асанов деген чыгаан уулдарыбызга терең ыраазычылык билдирем. Ар дайым ушинтип окуучуларыбызды алга үндөп, билимге сугарып, жаркын келечегибиздин уюткусу болуп жүрө беришсин», -деп билдирди Гүлжамал Жаныбаева.

 

Айжан Мырзабекова