"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмалык окуучу «Келечек Жаратманы» интеллектуалдык олимпиадасына катышты

25 Январь 2021 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны: 285

Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүнө карата Интелектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик уюштурган жогорку класстын окуучулары арасындагы интелектуалдык олимпиадага 9-классынын окуучусу Анара Жолочиева катышып келди. Ал мугалими менен бирге “Улгайгандар жана кичинекейлер үчүн аманат жол өткөөл” долбоорун түзгөн.

Анара Жолочиева даярдаган мугалими Кундуз Шалтабаева менен


Ысык Көл областына караштуу Түп районундагы А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин окуучусу Анара “Улгайгандар жана кичинекейлер үчүн аманат жол өткөөл” долбоорун түзгөн. Анын эмгеги “Техникалык моделдөө жана конструкциялоо” наамына талапкер. Анткени бул долбоордун ичинде акылдуу сфетофорлордун иштөө жолдору көрсөтүлгөн. Улгайгандар жана жаш өспүрүмдөр үчүн борбордук жолдордо жүрүү кооптуу дейт жаш ойлоп табуучу.
«Мен шаарга барып калганда кары адамдардын майда балдардын жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жолдон өтө албай турганын көрүп кантип бул маселени чечүү керек? — деп ойлоп, «Аманат» жол өткөөлүн ойлоп таптым. Бул жол өткөөл жалпак платформа түрүндө болуп 5-6 адам бата турганга ылайыкталып жасалган. Өткөлгө түшүп баскычты басканда адамдын басуу ылдамдыгы менен жүрөт. Эгерде бул өткөөл биздин шаарларда жасалса анда жол кырсыктарынын саны азаят деп ойлойм «-деп билдирди Анара Жолочиева.

Анара мугалими менен жасаган иши


Аталган иш-чара КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан уюуштурулган. Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү уюм тарабынан экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Анара Жолочиеванын даярдаган мугалими Кундуз Шалтабаева буларга токтолду:
“Биз бул олимпиадага көп даярдандык. Олимпиаданын 1-чи туру кырдаалга байланыштуу онлайн форматында өткөн 1-2ай өткөндөн кийин Кыргызпатент биз менен байланышып, жиберген долбоорубуз мыкты экендигин билдирип, Республикалык олимпиадага чакырган. Республикалык олимпиадада биздин жол өткөөлүбүз мыкты деп табылып, диплом жана сертификат менен сыйландык” — деди Кундуз Шалтабаева

Республикалык деңгээлде өткөрүлгөн бул Олимпиадага республиканын бардык аймактарынан 900дөн ашуун мектеп окуучулары, 130 команда катышкан. Иш-чаранын алкагында авиамоделдештирүү, электроника, баштапкы-техникалык моделдештирүү боюнча мастер-класстар көрсөтүлгөн. Ошондой эле, таланттуу балдардын технология жана жашыл инновациянын мыкты долбоорлору, балдар техникалык чыгармачылык боюнча көргөзмөсү уюштурулду.

Даярдаган: Айназик Кубатбекова