"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Айылдын кичинекей тургундары болгон үч эм кыз окуунун дагы алдыңкылары

28 Январь 2021 жыл 20:26
Көрүүлөрдүн саны: 349

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылынын тургундары Айшоола, Акбермет, Гулхан Тураровалар 2012-жылы жарык дүйнөгө келип, үй-бүлөсүн кубанычка бөлөшкөн. Учурда алар 2-класста окуп жатышат. Аталган үй-бүлөдө үч эм кыздарга чейин бир уулу жана бир кызы болгон. Эми ата-эне беш баланы тарбиялап өстүрүүдө.

 

Акбермет, Гүлхан жана Айшоола

Жогоруда айтып өткөндөй эле үч кыз учурда Арал айылындагы Ж.Ашымов мектебинин 2-классынын окуучулары.
Алардын класс жетекчиси Жылдыз Усубалиева окуучуларынын жараткан эмгектерин, китепке болгон сүйүүсүн, окууга болгон дилгирлигин белгилеп, алардан келечекте көптү үмүттөнөрүн айтат:
«Менин классымда үч эм кыздар окуйт. Алар мектеп босогосун 2019-жылы атташкан. Окуулары эн жакшы, кол жазмалары сулуу. Үчөө тең сабакка активдүү катышышып, себепсиз калышпайт. Ар дайым таза тыкан, тартиптүү өзгөчө сапаттары жароокер жана жоопкерчилиги күчтүү десем жанылышпайм. Жомокторго кызыгышат, күнүгө окуган китептерин көргөзүп мени кубантат.”

Үч эм кыздардын класс жетекчиси Жылдыз Усубалиева

Үч эм кыздардын атасы Бактыбай Борбодоев кыздарынын ден-соолугу жайында болуп, ийгиликтүү окуп жатканына кубанычын жашырган жок. Ал үй-бүлөсү жөнүндө маек куруп берип жатып алардын ичинен кыздарынын мүнөзүнө токтолду:

«Биз жубайым Аида Жумаканова экөөбүз 2007-жылы баш кошуп, ошол эле жылы бир балалуу болдук. 2011-жылы Мырзайым аттуу кыздуу болдук.

2012-жылы кудайымдын буйругу менен үч эм кыздуу болдук. Ошол жылдан ушу күнгө чейин беш баланы тарбиялап, өстүрүп келе жатабыз. Учурда апасы Турцияда келип-кетип турат. Кыздарым менен телефондо сүйлөшүп турат. Кыздарыбыздын улуусу Акбермет, экинчиси Гулхан, үчүнчүсү Айшоола. Кыздарым негизинен таланттуу десем болот. Бир нерсени бат өздөштүрүшөт, үй-жумуштарына жардам беришет, элпектик жактары өзгөчө десем болот. Улуусу Акбермет менен кичүүсү Айшоола окшош, мүнөздөрү да бирдей. Ортончу кызым Гулхан беркилерден өзгөчөлөнүп турат, окуусу дагы берки кыздарымдан жогору, аябай жакшы.

Карантин учурунда да онлайн сабактарга активдүү катышып жатышты. Алардын өжөрлүк сапаттары көп нерсени үйрөнүүгө өбөлгө түзөт. Көбүнчө китеп окуганды жакшы көрүшөт»,- деп билдирди кыздардын атасы Бактыбай Борбодоев.

Аталган үч эм кыздын ортончусу Гүлхан кол өнөрчүлүккө кызыгарын айтат:
«Мен кооз барактан, пластинкалардан ар кандай кооз оюнчуктарды, буюмдарды жасагам. Бир жолу эжейиме гүл белек кылганымда абдан сүйүнгөн. Учурда жасай элекмин, бирок дагы көп жасап, өркүндөтсөм деген оюм бар. Көбүнчө мен жомок китептерге басым жасайм. Кечээ китептен «Рум падыша менен Турум падышаны» окудум, абдан кызыктуу экен»-дейт Гүлхан Турарова.

Айжан Мырзабекова