"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Элетте жаштардын спортко болгон кызыгуусу азайып баратат

28 Январь 2021 жыл 20:31
Көрүүлөрдүн саны: 159

Тасма айылында күрөш, волейбол, баскетбол, футбол ийримдери бар. Бирок азыр элетте жаштардын спортко болгон кызыгуулары жоголду. Мугалимдер уюлдук телефон, интернет жаш балдарды азгырууда дешет.

           

А.Сопиев мектебинин дене тарбия мугалими Тилекмат Атагулов жаштардын спортко болгон кызыгуусу жоголуп баратканын белгилей кетти:
«Мен балдарды он жылдан бери машыктырып келем. Беш кандидат мастер спортчу балдарым бар. Көптөгөн эл аралык республикалык мелдештерди жеңип келишкен. Чет жерлерден Тайландка, Москвага, Казакстанга барышкан. Азыркы балдардын спортко болгон көз карашы дээрлик он жыл мурункудай эмес. Көпчүлүгү интернет булактарында отурушат. Балдарды спорттон уюлдук телефон азгырып жатат. Балдарды спортко тартыш оор болуп калды. Спортко кызыккан балдар бар. Бирок аз санда гана.»

 

Азыркы жаш спортчулар

Аталган мектептин 8-классынын окуучусу Бекжан Бейшембаев келечекте Акжол Махмудовдой спортсмен болгусу келерин билдирди:
«Мен күрөшкө жети жылдан бери катышам. Мен күрөшкө катышуум өзүмдүн каалоом. Ийгиликке жетишкендерим, Казакстанга, Таласка, Караколго чейин барып келдим. Менин медалдарыман он бештей бар. Биринчи орундан оноо, калгандары 2-3- орундар.»

 

Кыял Токонаева, Сезим Темирова