"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жаштарды өнүктүрүүгө багытталган тренинг өттү

31 Январь 2021 жыл 22:12
Көрүүлөрдүн саны: 158

Тасма айылынын окуучусу Аяна Жайлобаева долбоор жазып долбоордун алкагында эки күндүк тренинг өтүлдү. Тренингден жаштар кызыктуу маалыматтарды биле алышты. Анын ичинде ар түрдүү оюндар ойнотулуп, белектер берилди. Бардык катышуучулар ушундай тренингдердин мындан ары дагы өтүлүп туруусун каалашты.

Тренинг учурунда

 

Тренер Жаңыл Баигабылова тренингке катышкан окуучулар өзүлөрүнө керектүү маалыматтарды ала алышкандыгын айтат:
«Биз биринчи күнү критикалык ой жүгүртүү боюнча, ал эми экинчи күнү кыска темаларды карап чыктык. Биринчиси лидерлик сапат, лидер деген ким? Анын кандай өзгөчөлүктөрү бар, коомчулукта кандай иштерди аткарат? Экинчиси эффективдүү коммуникация деген эмне? Ошол боюнча сүйлөштүк. Акыркы темабыз убакытты туура пайдалануунун жолдорун карап чыгып, ошолордон билим ала алышты. Негизи тренингге 25 окуучу катышты. Ушул тренингден окуучулар өзүлөрүн өнүктүрүүгө, потенциалын жогорулатууга, убакытты туура пайдаланууга, лидерлик сапатты өнүктүрүүгө пайдалуу маалыматтарды ала алышты».

Долбоорду түзгөн Асан Сопиев мектебинин 10-классынын окуучусу Аяна Жайлобаева «Дилгир жаштарды окутуу курсунда» окуп, бул окуунун алкагында долбоор утуп алган:

«Мен «Дилгир жаштарды окутуу курсунда» окудум. Бизге долбоор жазганды үйрөтүшүп, дагы көптөгөн сабактарды өтүшкөн. Ошонун негизинде долбоор жазып утуп алгам. Андан кийин эки күндүк тренинг өтүп беришти. Бул тренинг жаштарды өнүктүрүү максатында болчу. Жаштардын лидерлик сапатын өнүктүрүү жана убактысын туура колдонуу деген темаларда өтүштү. Тренингдин максаты, Тасма айылынын 14 жаштан 18 жашка чейинки жаштардын потенциалын көтөрүүгө шарт түзүү. Биз максатыбызга жеттик деп толук ишенем. Бул «Дилгир жаштарды окутуу курсунун» бардык уюштуруучуларына, тренерлерине ыраазычылыгымды билдирем».

Катышуучулар

Тренингдин катышуучусу Эржан Мирлан уулу тренинг мыкты деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, жашоого керектүү маалыматтарды алгандыгын жана тренингди өткөн адамдарга ыраазычылыгын билдирди:
«Мен тренингден көптөгөн кызыктуу маалыматтарды ала алдым. Мисалы, убакытты туура пайдалуу жактарга көп колдонууну, адамдар менен туура баарлашууну, критикалык ой жүгүртүүнүн жашообузда мааниси чоң экенин биле алдым.

Ошондой эле китепке убактыбызды бөлүп туруу бул биздин милдетибиз деп билдим. Эгерде биз китеп окубасак сөз байлыгыбыз азайып, элдерге болбогон көз карашыбыз өзгөрүп, адамдар менен баарлаша албай каларыбызды түшүндүм. Ушундай тренингдердин ай сайын болуп туруусун каалайт элем. Дагы көп маалыматтарды билип алсам дейм. Тренинг эң мыкты деңгээлде өтүлдү. Мага көбүнчө тренингдин убакытты туура, таасирдүү жактарга колдонуу жагы жакты».

Сезим Темирова, Кыял Токонаева