"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылына берилген тез жардам унаасы ишке кирди

1 Февраль 2021 жыл 22:42
Көрүүлөрдүн саны: 122

Ысык-Көл облусунуна караштуу Түп районундагы Тасма айылына берилген жаңы тез жардам унаасы элге кызмат көрсөтүп баштады. Мурда айылда эски кызмат көрсөтүүчү унаа бар болгон менен талаптарга жооп берчү эмес. Ал эми жаңы тез жардам унаасы заманбап жабдуулар менен камсыздалган жана ыңгайлуу.

Тез жардам унаасы

Тасма айылынын ҮДТ нун медайымы  Айгүл Маматова тез жардам машинасы келгенине жумуштары женилдегенин айтат:
«Тез жардам машинасы өкмөт тарабынан берилди. Азыр тез жардам машинасын колдонуп жатабыз. Машинанын ичинде өзүнүн  эки аппараты бар. Анын бирөөсү ИВЛ аппараты. Андан тышкары, эгер сынык чакыруулар болуп калса, сыныкка тага турчу шиналары бар. Негизи тетиктери ичинде толугу менен азыркы шартка абдан ыңгайлуу»,- дейт Айгүл Маматова.

Ал эми тез жардам унаасынын айдоочусу Кубан Жанеков  жаңы машина ыңгайлуу болуп жатканын билдирди:
«Бизде чакыруу учурунда кечигүүлөр болбойт. Чакырган бейтап телефон аркылуу чакырып, үйүндө отуруу керек. Дарыгерлер менен ооруканага жеткирип коёбуз».

Эми айыл тургундары тез жардам унаасынын кызматын ар кандай учурларда колдоно алышат. Айыл шаар жана райондон алыс жайгашкандыктан айрым учурларда ооруканага жетүү кыйынчылык туудуруп келген.

Аталган айыл жашоочусу Аида Доганбаева буларды айтат:
«Бизде мурун  ууна жок болгондуктан көп эл кыйналып калчубуз. Азыр бир топ эле жеңилдик болду. Тез жардам машинасынын келгенине ыраазыбыз. Элдин керегине жараган унаалардан
болсун».

Экинчи толкунда айыл тургундарынын абалы кандай?
Айтунук Токторова, Кыял Токонаева