"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жаштар арасындагы ынтымак мелдеши өттү

1 Февраль 2021 жыл 19:50
Көрүүлөрдүн саны: 199

Спорттук иш чарага башка айылдардын жаштары келишип жалпысынан 10 команда катышты. Мелдеш жаштардын башын бириктирүү жана спорт менен алектенүүгө чакыруу максатында өтүлдү. Буга чейин көк бөрү боюнча спорттук иш чаралар уюштурулуп келсе бул жолку оюн валейболл боюнча болду.

Мелдеш учуру


Иш чараны Чон Тогузбай айылынын жаштары уюштурушкан алардын  бири Арген  Азымбеков буга чейин дагы мындай оюндарды өткөрүп келишкенин айтат:
«Спорт тармагынан болобу, маданият тармагынан болобу, мындай иш чараларды өткөрүп турууга аракет кылабыз.
Буюрса дагы да өткөрө беребиз.
Оюнда жалпы сегиз команда ойноп жатат. Ак-суу районунан, Боз- булун, Челпек, Ак-суу, Чолпон. Туп районунан, Долон,Чон-Тогузбай, Николаевка, Түп командалары катышты. Бүгүнкү оюн жакшы денгээлде өтүп жатат.
Командалар күчтүү, жакшы даярдыкта келишкен.
Уткан командаларга
1-орун 4000 мин сом.
2-орун 3000 мин сом.
3-орун 2000 мин сом.
4-орун 1000 өлчөмүндөгү сыйлыктарыбыз берилди, андан сырткары мыкты топ көтөрүүчүгө, мыкты чабуулчуга да чакан белектерибизди тапшырдык.
Мелдешке баардык командалар мыкты даярдык менен келишкен»-деп билдирди Арген Азымбеков.

Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Ак-суу командасы ээ болсо 2-орунга Боз-булун командасы жетишкен. Ал эми 3-ордун  Долон айылынын келген топ багындырды.
Даярдаган: Айгерим Карыпбекова