Учурда жаңы китептер келип жаткандыгына байланыштуубу же окуучулардын кызыгуусубу окурмандар китепканага көп келишип, изденүүлөрү дагы жакшы болуп жатат. Мурункуга караганда азыркы убакта окурмандар көбөйдү.

Карасаев айыл өкмөтүнүн китепкана башчысы Динара Сыдыкова:
«Мурункуга караганда азыркы убакта окурмандар көбөйдү. Китепканага эң жакшы китептер келип жана кыргыз тилиндеги китептер дагы көп келип жатат. Азыркы убакта кыргыз басмасы абдан жакшы иштеп жатат. Мурунку эски китептер мисалы: Түгөлбай Сыдыкбековдуку, Чыңгыз Айтматовдуку жана Мукай Элебаевдин мындан сырткары жана башка эски китептер азыр жаңы басмада чыгарып, элдин суроо талабы абдан көп болуп жатат. Он эки жылдан бери китептер айыл өкмөт тарабынан каржыланып келүүдө. Жаңы китептер бизге жыл сайын келип турат. Азыр китепке кызыккан балдар көп, чоңдор дагы китепке абдан кызыгып жатышат. Илгери Советтер Союзу жоюлгандан кийин китепканалар жабылып, китеп фондусу азайып калган экен. Ошонун кесепетинен окурмандар көп китеп окубай калышкан. Эми азыр үйлөрүнө дагы алып кетип окуп жатышат.»
Даярдагандар: Сезим Темирова, Айзада Туратбекова.