"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Кыргыздын баалуу байлыктары чачылып жатат

4 Февраль 2021 жыл 11:18
Көрүүлөрдүн саны: 90

Түп райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы подполковниги Адыл Алдаяров аксакал кыргыз эли үчүн маанилүү болгон тери,жүн жөнүндө айтканына көңүл бурууга туура келди.

«2019-жылдагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык ири мүйүздүү мал,анын ичинен 850 миңге жакын уй, жарым миллиондон ашык жылкы жана 6 миллиондон ашык кой-эчки бар.Андан бери дагы өстү да.Ошондой миллиондогон малы бар өлкөдө азыркыга чейин бодонун,кой—эчкинин териси, жүнү иштетилбей келет.Бир нече жыл мурда кой—эчкинин териси 100-200 сомдон,бодо малдыкы 1000 сомдон жогору баада алынып турган.
Азыр баарысы эле бир баада 20-50 сомдон бааланууда.Кичине кесилип же болбосо кара ичегиси жок болсо теричилер албай да кетишет.Башка мамлекеттер ири мүйүздүү малдын терисинен кайыш,ат жабдыктарын жана бут кийимдерди чыгарып, жакшы эле киреше таап жатса,бизде малдын териси айылдык иттердин эрмегине айланды.


Ал эми боз үй, кийим- кече,кышкы өтүк,жип-шуу өңдүү буюмдарды жасоого мүмкүн болгон кой—эчкилердин жүндөрүнүн баасы чыкпай,элет жеринде өрттөлүп,жазында куйкум эле жыттанып жатып калышат.Эгер муну ойлогон атка минерлер болсо,колго алса элге көп эле пайдасы тиймек. Кыргызстандыктар үйлөрүнө чет өлкөлүк килемдердин ордуна
өзүбүздүн өндүрүштөн чыккан сапаттуу шырдак,килем-паластарды салынып калышмак.Кыскасы арзан, жеткиликтүү чийки затты кайра иштетүүдөн көп пайда көрүшмөк.
«Мал киндиктүү жербиз,этсиз жашай албайбыз, жамандык-жакшылыкта мал сойбой коё албайбыз,» дегенибиз менен малдын сөөгүн иштеткен бир да ишкана жок. Мисалга алсак, азык-түлүккө колдонууга жараксыз болгон сөөктөрдөн үн жасап, короодогу тоок, үндүккө,байлап жаткан бодо малдарга жана ит-мышыкка берсе өз натыйжасын бермек,себеби анын курамында кальций арбын. Чет өлкөлөрдөн сатылып келген сөөктөрдөн жасалган кымбат баалуу продукцияларына караганда жергиликтүү продукция менен тойгузуп калат элек. Негизи элин багам деген атка минерлер алыскы айдагы байлыкты эңсебей,колдо турган атам замандан бери келе жаткан,канга сиңген төрт түлүк малыбыздын баалуулуктарын туура пайдалансак деген эле аруу тилек,»- деп сөзүн бүтүрдү,- Адыл Алдаяров.

Муратбек Жумакыдыров