"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада жугуштуу оорулардан сактануу иштери жүргүзүлүүдө

8 Февраль 2021 жыл 21:22
Көрүүлөрдүн саны: 118

21-кылымдын чумасы деп аталган ВИЧ СПИД ооруусу туурасында окуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу иш чарасы жүрүүдө. Бул дарт көп жылдардан берки адамдардын чоң көйгөйү. Илдет тууралуу, алдын алуу чаралары ал кандай учурда жугат андан кантип сактануу зарыл. Бул багытта маалыматтар берилип жатат.

Айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси Лиза Кыдырбаева ВИЧ/СПИД тууралуу маалымат берүүдө

Айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси Лиза Кыдырбаева ВИЧ СПИД азыркы учурда глобалдуу көйгөй болуп жатканын билдирет:

«Азыр бизде ВИЧ/СПИД тууралуу чоң класстар арасында атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан учуру. Андан сырткары кичинекей класстын окуучуларына эхинококкоз, альвеококкоз оорулары тууралуу дагы маалымат бердик. Бул оорулар мышыктар, иттен жугат. Бул тууралуу чоң адамдарда кененирээк түшүнүк бар. Ал эми ВИЧ/СПИД тууралуу көпчүлүк адамдар биле беришпейт. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө окуучулар үйлөрүнө оорулар боюнча айтып беришет. Ошондо ата-энелер дагы туура, толук маалымат алышып, сактана башташат. ВИЧ/СПИД үч жол менен жугат.
1. Ийне сайуу жолу менен
2. Жыныстык катнаш менен
3. Кан аркылуу жугат

Жаштарга кайрылып кетет элем, кандарыңарды текшерткиле. ВИЧ болгон болсо, дароо дарыгерге кайрылыш керек. Эгерде эртерээк даарыланса ал адам көпкө чейин жашай алат. Эгерде кеч болсо дарынын жардамы менен гана жашап калат. ВИЧ бул адамдын имуннодефицит вирусу деп коёт. Бул вирус адамдын иммунитетин зыянга учуратып, СПИДди пайда кылат. Адамдын иммунитети түрдүү ооруларды көтөрө албай, каза болот. ВИЧ иммунитетти түшүрүп, организм түрдүү ооруларга кабылып, адам ооруйт. Андан кийин иммунитет өтө төмөндөп СПИДге айланат».

Окуучуларга маалымат берүү учуру

Тасма айылынын тургуну Атыркүл Кылычбаева үй- бүлөсүн жугуштуу оорулардан кантип сактап келе жатканына токтолду:
«Жугуштуу оорулардан сактануу үчүн жеген тамак-ашыбыз таза болуусу керек. Тамак ичердин алдында же эшиктен үйгө киргенде колдорубузду самын менен жууп туруубуз маанилүү. Жашылча жемиштерди балдарга берээрде ата-эне сөзсүз тазалап жууп анан берүүсү зарыл. Мен ушул шарттарды аткаруу менен үй- бүлөмдү жугуштуу оорулардан сактайм.

Мындан тышкары, үйдөгү жаныбарларды эмдеп даарылоо керек. Мисалы, иттердин өзүнүн бир жылда бир бериле турган жугуштуу оорулардан сактануучу дарысы бар, ошону калтырбай берүү биздин башкы милдетибиз деп ойлойм. Азыр малдарга эмдөө жүргүзүлүп жатат, тийиштүү дарылары берилүүдө. Ушул эмдөөнү биздин айылдын мал доктуру Турус Ибраев агабыз жүргүзөт. Биздин үйдө ит багылат. Турус агабыз итке керектүү дарыларды берип кетет. Биз ушул дарынын жардамы менен иттин жугуштуу ооруларынан коргонобуз. Кээде өзүм деле дарыканадан итке тийиштүү болгон дарыны алып келип берем.

Мектепте дагы жугуштуу оорулар боюнча маалыматтар берилет экен. Балдарыбыз угуп, түшүнүп, айтып берген маалыматарды колдоно алышат»,- деп билдирди.

А.Сопиев мектебинин мугалими Ширин Жанекова үй жаныбарларынан көп оору жугуп жатканын айтып, ага каршы дарыларды калтырбай берүү маанилүү экенин билдирди:

«Мен балдарымды таза жуунтуп, тамак алдында дайыма колдорун жууганга үйрөткөм жана өздүк гигиенаны кандай сакташ керек экенин балдарым билип калышкан. Гигиенанын эрежелери менен үй- бүлөмдү жугуштуу оорулардан сактайм.Үйдө ит, күчүк багабыз. Негизинен кичинекей балдар ит же мышык жаныбарларын жакшы көрүшөт. Балдардын жаныбарларга көп жолобошун ата-эне көзөмөлгө алып, жаныбарлар менен байланыш болгондон кийин тазалыгына кам көрүүсү зарыл»,- деп билдирди.

 

Сезим Темирова, Аяна Жайлобаева