"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жазга даярдык жана дыйканчылыкты өнүктүрүү семинары болуп өттү

9 Февраль 2021 жыл 23:06
Көрүүлөрдүн саны: 124

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында жазга даярдык, себүү иштери боюнча семинар өтүлдү. Ага Тогузбай, Токтоян, Тасма айылдарынын фермерлери жана Түп райондук администрациясынын кызматкерлери катышышты. Окутуу талаа иштерин жөнгө салуу, дыйканчылыкты өндүрүү максатында болду.

 

Сеинардын катышуучулар айыл тургундары, фермерлер, дыйкандар болушту

Түп районунун агрардык өнүктүрүү башкарма жетекчиси Бекбосун Абдылдабеков бул иш-чара айыл чарба багытында өтүлгөндүгүн айтат:

«Бул иш-чара дыйкан, фермерлерге пайдасы тиет. Мисалы, өсүмдүктөрдү өстүрүүдө, жайытты пайдаланууда, мал багууда. Мал-чарбачылыгы боюнча азыркы сандан сапатка өтүү максаты. Андан тышкары, жайыттарды иррационалдуу пайдалуу, салыкты башкаруу системасына өткөрүү.

Талаачылыгы боюнча дыйкандарга үрөндөр менен иштөөнүн жолу, жана өстүрүүдө агротехникалык ыкмаларды туура пайдалануу, суугат суусун иррационалдуу пайдалуу, түшүмдү кантип жогорулатуу боюнча кеңештер жана сунуштар болду.

Эгиндерди туура пайдалануу үчүн агротехникалык ыкмаларды туура пайдалануу, зыянкечтерден сактоо керек. Малдар боюнча ветеринардык башкармалыктын адистери айтып токтолуп кетти. Дыйкандарга маалымат жакшы жеткиришти».

Түп районунун агрардык өнүктүрүү башкарма жетекчиси Бекбосун Абдылдабеков

Түп райондук жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын төрайымы Гүлжана Асанова бүгүнкү тренинг өз максатына жетти деп билдирет:
«Бүгүнкү өткөргөн жыйыныбыздын негизги максаты бул элдерге дыйканчылык боюнча кененирээк маалымат берүү. Азыркы бизде көбүнчө эң башкы көйгөй бул- маалыматтык боштук.

Мисалы, бир эле келген адам беш кишиге айтса, анда биз анда өз максатыбызга жеткен болобуз. Төрт беш тармактан келген адистер ар кимиси өзүнүн иштеринде болуп жаткан кызыктуу нерселерди айтып беришти. Мисал үчүн ветеринардык сервистен келген балдар жаңы оорулар пайда болуп жатканын, кайсы убакта аларга каршы вакциналарды эмдөө иштерин айтып беришти. Үрөн сервиси болсо кайсы үрөндөр жаңы келип жатканын, жана аларды кандай себиш керек экендигин айтып беришти. Бүгүнкү жыйыныбызга катышкан катышуучуларыбыз, ветеринардык сервистен, жайыт ассоциациясынан, райондук aгро башкармалыгы, облустан органикалык адистер, айдоо жерлерди сугаруу боюнча адистер келип түшүндүрмө иштерди жүргүздү».

Тасма айылынын тургуну Эркинбек Дюшебаев

Тасма айылынын тургуну Эркинбек Дюшебаев жазгы даярдык, эгин-талаага жана үй жандыктарына кам көрүү боюнча иш-чаранын мыкты деңгээлде өткөндүгүн жашырган жок:

«Бул иш-чара өз убагында болду. Үч айылдан болгон Тасма, Тогузбай, Токтояндан бардык фермерлер келишти. Жазгы талаачылык жумуштарда кандай кыйынчылыктар бар? Мисалы, үрөнчүлүк, жерди айдап себип түшүмүн туура сактап, өз нугунда жыйноо. Ушул иш менен биргеликте бакчадагы жер-жемишти, алма-бактарды кантип багуу керек деген темада жакшы маалыматтар айтылды. Бул боюнча облустан көптөгөн адистер келишти. Райондогу бардык жетекчилер келип беришти. Ар бири өздөрүнүн иштерине тиешелүү болгон түшүндүрүү иштерин бизге түшүндүрүп беришти. Иштер боюнча кайрылуу үчүн даректерин калтырып кетишти. Өзүм дагы турмушта ушундай маалыматтарды колдонуп келем.

Бүгүн болсо жаңы керектүү маалыматтарды билип алдым. Бул маалыматтарды жашоо-турмушумда дагы колдоном. Жеке эле өзүбүз бул маалыматтар менен кабардар болбостон, айылыбыздагы элдерге дагы үйрөнүү иштерин жүргүзүп, маалыматтарды жеткирүүбүз керек. Бул бир күндүк эле иш эмес. Күнүгө эрежеге түрүндө колдонушубуз керек.»

Тасма айылына берилген тез жардам унаасы ишке кирди
Кыял Токонаева, Сезим Темирова