"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Бир адамдан бир китеп» акциясынын максаты окурмандарды китеп окууга тартуу

11 Февраль 2021 жыл 9:14
Көрүүлөрдүн саны: 229

«Бир адамдан бир китеп» -долбоору республиканын дээрлик бардык аймактарында кызуу уланууда. Бул акциянын алкагында айылдагы каралбай жаткан, жаңы китептер жокко эсе китепканалар адабий жаңы китептер менен толукталууда. Бул иш-чарага ар бир жаран колунан келген жардамын көрсөтүп каржылашат. Бул жолу кезектеги китептер Түп районундагы Күрмөнтү айылына келди.

Табылды Муратбеков иш-чаранын уюштуруучусу

Түп районунда «Бир адамдан бир китеп» акциясы өз ишин улантууда,- деди акцияны уюштуруучулардын бири Табылды Муратбеков.
«Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылындагы Ж.Мукамбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебине 500 көркөм адабий китеп тапшырылды.
Бул өзү өткөн жылы райондо башталган «Бир адамдан бир китеп» акциясынын уландысы.

«Бул иш-чаранын жыйынтыгы менен Күрмөнтү айылынан чыккан, Бишкекте окуп жана иштеп жаткан жаш активисттер тарабынан жаңы басылган 400 китеп жана мындан сырткары, Күрмөнтү айылынын тургундары 100дөй көркөм адабий, жомок китептерди тапшырып беришти,»- деди Т.Муратбеков.

«2020-2021-окуу жылында китепкананын фондунда 12 миӊ 300 окуу китеп, 465 методикалык китеп болсо, эми ага кошумча 500 адабий китептер кошулду. Азыркы тапта окуучулардын китеп окууга кызыгуусун арттыруу үстүндө аракеттенип жатабыз»,- деди мектептин директору Бекжан Осмонов.

Элетте музейге айланган китепканалар
Муратбек Жумакадыров