"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Арал айылындагы унаа оңдоочу жай алты жылдан бери  элге кызмат көрсөтүп келе жатат

11 Февраль 2021 жыл 17:10
Көрүүлөрдүн саны: 380

Ысык-көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылынын тургуну Канат Азаматов  мындан алты жыл мурда машина оңдоочу жай ачкан. Мурда айылдыктар машинасын оңдотуу үчүн шаарга барышса эми тез арада эле өз айылынынан жасатып алышат. Аралдыктар гана келбестен коңшу айылдагылар келип кызматын колдонушат.

Айдоочуларды кубантып, чоң мүмкүнчүлүк тартуулаган ишкер мырза: Канат Азаматов мындай деди: Бул «Стону » 2015-жылы ачтым. Ошол күндөн бери тынбай иштетип келе жатам. Кээ бир күндөрү эс алуу болот. Ар кандай машиналар келет. Кырсыкка учурап, оор абалдагы машиналарды жасоо үчүн убакыт керек болот. Тетиктерди Түптөн алып келем,табылбагандарын заказ менен алдыртам. Ачканыма кубанып жатам, анткени элимдин ыраазычылыгы мени алдыга үндөйт. Бул жерден айыл өкмөтүнө караштуу бардык айылдар:Тасма, тогузбай, Миң-Булак, Сары- дөбө,кээде аймактан тышкаркы да жерлерден келишет. Унааларды келген абалына, жана кеткен тетиктерге карата каражатын чыгарам. Келечекте буюрса дагы чон ой-максаттар бар.Өркүндөтсөм пайдасы дагы чоң болот.-деп билдирди Канат Азаматов.


Кош-Дөбө айылынын тургуну Медер Керимбеков аталган ачылыш тууралуу айтып, ийгилик каалап өттү:Буюрса, жакшы жетишкендиктер менен элим-жерим үчүн деген намыскөй,таланттуу уулдарыбыздын бири Канат айылга биринчи жолу «Сто» ачты.Күжүрмөн эмгектин аркасында жигердүү иш алып барууда. Аны менен токтоп калбастан «вулканизациясын» да ачты. Көп адамдарга районду эмес, областты камсыз кылып жатат- десем жанылышпайм. Нечендеген айдоочулардын алкышына ээ болду. Мына бүгүн 2021-жылдын 10-февралы азыр унаамды көргөзүп жатам. Жаздын эрте келүүсүнө байланыштуу дөңгөлөктөрүн алмаштырып жатам. Быякта кезек болуп атат. Ошого карабастан келип отурам. Шаарга баргандан көрө жакын, ыңгайлуу жана сапаттуу жасайт. Буюрса дагы да өркүндөп, жакшылыктарга себепчи болуп,ийгилиги арта берсин.-деп айтты Медер Керимбеков.


Даярдаган: Айжан Мырзабекова