"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Быйыл Ленинград блокадасына 77 жыл болду

11 Февраль 2021 жыл 9:22
Көрүүлөрдүн саны: 96

Ленинград шаарынын фашисттик баскынчылардын курчоосунан бошотулган күн Токтогон Алтыбасарованын үй-бүлөсү үчүн өзгөчө күн. Баласы Марат Мусаевдан бул күн туралуу сураганда ал төмөнкүлөргө токтолду.

Токтогон Алтыбасарова Ленинград курчоосунан келген 150 баланы асырап баккан

“Түп районундагы Ак-Булак айыл өкмөтүндөгү Күрмөнтү айылдык маданият үйүнө, айылдагы китепканага Улуу Ата Мекендик Согуш мезгилинде Ленинград курчоосунан келген 150 баланы асырап баккан Токтогон Алтыбасарованын аты Улуу Жеңиштин 70 жылдык урматына карата коюлган. Т.Алтыбасарова жөнүндө бир нече жолу жазылды, документалдык фильмдер тартылды.

Түптөн Ленинградга чейин Токтогон апанын баккан балдары жазган санжыра-тарыхы түбөлүк сактоодо калды. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргыздын карапайым кызына-150 баланы баккан баатыр эненин урматына Санкт-Петербург шаарына эстелиги тургузуу башталып, COVID-19 оорусуна байланыштуу убактылуу токтоп турат.

Ошондой эле Ленинград курчоосунан келип, Токтогон апанын багуусунда болгон 82 жаштагы Валентина Ивановна Ашыулованын былтыркы жылы келгенин эскердик.Үй-бүлөбүз менен 872 күн-түн фашисттерге баш ийбей койгон Ленинграддыктардын эрдиктерин эскердик. Ленинграддык курчоодон эвакуацияланып келген балдардын Ысык-Көл аймагына келиши, алардын Түптүн Күрмөнтү айылында Токтогон Алтыбасарованын багуусунда болгондугун чагылдырган “Я хочу жить” документалдык киносун көрдүк.

Токтогон энебиздин өздүк архивиндеги сүрөттөрдү, каттарды барактап эскердик. Ленинград курчоосунан келип, Бишкекте жашап калышкан,ушул кездеги 16 тирүү баатырлардын бири, 82 жаштагы Валентина Ашыулованын ыйлап туруп айткан:

«Мен атам менен энемден ажырагандан кийин 4 жашымда эвакуцияланып “Мама Тонянын”(Токтогон Алтыбасарованы айтып жатат)колуна келип 3 жыл жашадым. Ленинград курчоосунан 800 бала 2 ай дегенде араң жеттик. Алардын көбү өлүп калды. Тоня мамам баккан 150 баланы Теплоключенко,Чоң Сары Ой, Күрмөнтү, Пржевальск, Отрадный жана Саруу балдар үйлөрүнө бөлүштүргөндө мен Саруу айылына келип жашап калдым. Ошондон бери Тоня мамам менен дайыма кездешип турдук. 1967-жылдан бери Бишкекте жашайм, бирок Токтогон Алтыбасарова жүрөгүбүздө алтын тамгалар менен жазылып калды» деген сөздөрү дайыма кулагыбызга жаңырып турат.

Энемди биз жыл жаңырганда 27-январда Ленинград шаарынын курчоодон бошотулган күнү, туулган күнү, 9- май жеңиш күнү, бул дүйнөдөн өткөн күнү жана Ленинграддык баккан балдарынан, алар деле саналуу калды кат-кабар келгенде эскерир турабыз,”-деди Марат Мусаев.

82 жаштагы Валентина Ашыулова Токтогон апаны жылуу сөздөрү менен эскерген

 

Муратбек Жумакадыров