"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Инаугурацияда туу көтөргөн жоокер мекенди сүйүүгө чакырат

13 Февраль 2021 жыл 14:33
Көрүүлөрдүн саны: 388

«Инаугурацияда командирлердин буйругу менен мен өзүмдүн милдетимди аткардым. Ар бир жаранда мекен үчүн жүрөгү күйүп милдет, намыс, темирдей бекем тартип, адилеттүүлүк болсо, ата журтум өнүгөт».

Алмазбек уулу Дамир Тасма айылында туулуп өскөн. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында 2013-жылдан бери кызмат өтөп келет. Өз маегинде ар бир жаранды Ата-Мекенди сүйүүгө чакырды:

«Президентин инаугурациясында командирлердин буйругу менен мен өзүмдүн милдетимди аткардым. Өзүмдүн ишим аскер бөлүктө жаңы келген жаш жоокерлерди, жаш муундарды тарбиялап, жаңы жашоого көз караштарын өзгөртүү, жакшы тарбиялоо биздин башкы милдет. Ата мекенге кызмат кылуу мен үчүн үй- бүлөмдүн алдында жана мекенимдин алдында милдет.

Азыркы жаш муундарда патриоттук сезим азбы же билбейм, көп жаштар мекенге кызмат кылуу дегенди экинчи үчүнчү орунга коюп кайдыгер. Жаш муундарга айтарым, аскерге келип кызмат кылып, ар бир нерсенин кадыр- баркына жетип, Ата Мекенге кызмат өтөп, эл жерине болгон сүйүүсүн өстүрүп патриот болууга үндөйт элем. Мен эркекмин деген жарандар, Ата Мекенге келип кызмат кылуу бул ар бирибиздин милдет демекчимин.

Кыргызстаныбыздын өнүгүүсүнө адилеттүүлүк, темирдей бекем тартип, жана элибизге ынтымак болсо мекенибиз өнүгөт».

 

Мирлан уулу Эржан