"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Караколдо «Эл аралык китептерди белекке берүү» күнү белгиленди

14 Февраль 2021 жыл 17:11
Көрүүлөрдүн саны: 107

Каракол шаарындагы К.Эсенкожоев атындагы облустук балдар китепканасында 14- февраль «Эл аралык китептерди белекке берүү» күнүнө карата иш чара өттү. Ага студенттер жана окуучулар чакырылып, журналист Мурат Султанов, жазуучу Руслан Кылчыкбаев, «Бир адамдан- бир китеп» долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Табылды Муратбеков менен жолугушуп маек курушту.

Анда жаштарга бул күндүн тарыхы, китептин пайдалуулугу, жаштардын китепке болгон мамилеси, китепсиз жашоо жаштардын, мамлекеттин өнүгүшүнө зыяндыгы тууралуу талкуу болду.

Ошондой эле, каалоочулар китепканага китептерди белекке берип, аны башка да окурмандар окуусун деген каалоолорун айтышты.

14- февраль китепти белекке берүүнүн эл аралык күнү 2012-жылдан бери белгиленип келет. Анын демилгечиси АКШдагы балдар китеби боюнча сайттын негиздөөчүсү Эмми Бродмур.


 

Муратбек Жумакадыров