"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Окуучу кыз түрдүү кагаздардан гүл жасап акча табат

14 Февраль 2021 жыл 12:59
Көрүүлөрдүн саны: 168

Буйрутма алып кагаздан гүл жасап, ата-энесине жардам берген Баян Руслан кызы. Баян 16 жашта. Азыркы учурда Түп районунун Арал айылындагы Жеңишбек Ашымов мектебинин 10-классынын окуучусу.

Баяндын түрдүү кагаздардан жасаган гүлдөрү

Баяндын эң алгачкы жасаган гүлдөрүнүн бири

Баян Руслан кызы

Баян алгач гүл жасаганды интернеттен үйрөнүп алган. Азыр жасаганда сиңдим көмөктөшөт дейт Баян Руслан кызы:
«Гүлдөрдү жасап сатканыма бир жыл болуп калды. Жасап бир экөөнө айтып саткандан кийин эле буйрутма бергендер көп болуп кетти. Азыр деле айылдагылар заказ беришет. Ошолорго эле жасап сатабыз. Жасап баштаганда ата-энем каршы болгон эмес. Азыр дагы жардам берип, колдоп турушат.

Жасап жатканда кичине кыйынчылыктар жаралат. Көбүнчө кутуларын жасаганда. Атайын гүл жасоочу түр кагаздар жана клейлер керектелет. «Апа» деген жазуусу бар гүлдөрдү бир күндө эле жасап бүтөбүз. Жөнөкөйлөрүн болсо, бир эки саатта эле. Гүлдөр 500 сомдон өйдө сатылат. Жасалышына жана кагаздардын баасына жараша болот. Буйрутмалар ар кандай келет. Бир айда кээде онго жакын болот. Көбүнчө майрамдарда туулган күндөргө жасатышат. Алган акчаларды кагаздарга, клейлерге, коротом. Калганын ата-энеме берем».



 

Аяна Жайлобаева