"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада окуучулар англис тил жумалыгына активдүү катышышты

14 Февраль 2021 жыл 19:28
Көрүүлөрдүн саны: 109

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинде англис тил жумалыгы өттү. Учурда окуучулардын чет тилине болгон кызыгуусу күч. Жумалыктын алкагында көргөзмөлөр, дубал газеталар жасалды.

Окуучулар кол менен корсөтмө куралдарды жасашты

Интерактив оюндар колдонулду

 

Окуучулар топтордо иштөөнү жакшы өздөштүрүшкөн

Гулиза Касыбек кызы

Асан Сопиев мектебинин англис тили мугалими Гулиза Касыбек кызы англис тил жумалыгы жогорку деңгээлде өткөнүн жашырган жок:
Азыркы учурда англис тили дүйнөлүк тил болуп жатат. Дүйнө жүзүндө 750 миллиондон ашык адамдар ушул тил менен баарлашышат. Демек, бул дүйнө жүзүнүн расмий тили катары колдонулат. Кыргызстанда үчүнчү тил катары колдонулууда. Биздин максатыбыз балдарды англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу жана англис тилин үйрөтүү. Ачык сабактар 6-8-10 класстар аралыгында өттү. Жогорку деңгээлде өттү деген ойдомун. Андан тышкары көргөзмө куралдарды өз колдору менен жасап көргөзмө куралдар конкурсу болду. Балдар дубал газеталарды чыгарышты жана аларды жактап беришти».

Асан Сопиев мектебинин 6-классынын окуучу Аяна Окенова бул жумалыкта өзүмө көптөгөн пайдалуу мен билбеген маалыматтарды ала алдым деп айтып өттү:
«Бул жумалык окуучуларга да мугалимдерге да кызыктуу болду деп ойлойм. Биз англис тил жумалыгында ачык сабак өттүк, бири- бирибиздин ойлорубузду угуп, пикир алмашып, абдан сонун болду. Англис тил жумалыгынын өзгөчөлүгү мурда билбеген маалыматтарды алдык. Эжей- агайларыбыз менен чогуу иштедик. Биз залды дубал газеталар колдон жасалган буюмдарды жана башка колубуздан келген нерселерди койдук».

 

Айназик Кубатбекова, Айзада Туратбекова