"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Токтоянда «Окуу керемет» долбоору ишин баштады

14 Февраль 2021 жыл 22:16
Көрүүлөрдүн саны: 203

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу мектептерде окуу жөндөмүн арттыруу боюнча USAID дин «Окуу керемет» долбооруна ар бир мектепте иш-чаралар башталды.

Долбоордун жетекчиси Таалайбек Мырзабаев

Долбоордун жетекчиси Таалайбек Мырзабаев бул долбоорго башталгыч класстын мугалимдери, окуу бөлүмүнүн башчылары жана китепканачылар катышарын билдирди:
«Окуу керемет» долбоору башталгыч класстардын окууну жакшы өздөштүрүп жана математиканы жакшыртып окууга максатталган. Долбоор беш жылга созулат. Биринчи жылы даярдоо этабы менен бүттү. Эми бул жылдан баштап 3-4-5-модулдарын июнга чейин окуйбуз. Ошондо төрт жыл бүтөт. Долбоордун алкагында иш-чаралар өтө көп болот. Балдар китептерин сабакта колдонуу деген нерсе ишке ашуусун башталгыч класстын мугалимдери көзөмөлдөйт».


 

Үмүтай Сапарбекова