"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп районунун мугалимдери менен окуучулары арасында китеп окуу боюнча сынак өтөт

18 Февраль 2021 жыл 20:47
Көрүүлөрдүн саны: 158

Билимди даңазалоо жана китеп окууга кызыгууну жайылтуу максатында «Прогресс» коомдук бирикмеси Түп районунун мектеп окуучулары жана мугалим, китепканачылар арасында китеп окуу сынагын жарыялайт. 

Китепканаларга берилген китептер

Багыттардын бири “Бир адамдан — бир китеп” долбоорунун алкагында китепканаларды жаңылоо жана китеп окуу багытындагы иштерди жайылтуу эле.

“Китепкөй муун — жаркын келечек” деген ураан менен окуучулар жана мугалим, китепканачылар арасында конкурс жарыяладык.
_

Билимди даңазалоо жана китеп окууга кызыгууну жайылтуу максатында «Прогресс» коомдук бирикмеси Түп районунун мектеп окуучулары жана мугалим, китепканачылар арасында китеп окуу сынагын жарыялайт.

🔹Окуучулар арасындагы сынак 2 китептин негизинде өтөт:

1. Мамбетасан Ибраев “Эмне үчүн китеп окушубуз керек?”
2. Григорий Петров “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы”

🔹Ал эми мугалим жана китепканачылар арасында “Сингапур билим берүү системасы — парадокстордун күчү” китебинин негизинде өтөт.

Сынактын шарттары:
• Сынакка Түп районунун 5-11-классынын окуучулары жана мугалим/китепканачылар катыша алат;
• Сынак тест түрүндө болуп, тесттик суроолор эки китептин негизинде өтөт жана бир эле тур менен жыйынтыкталат;
• Сынакка катышуу үчүн 27-февралга чейин катталуу керек.
•Сынак 2021-жылдын 14-март күнү өткөрүлөт.

🔸Окуучулар арасындагы сынактын байге фонду 15 000 сомду түзүп:
1-орун 5 000 сом
2-орун 4 000 сом
3-орун 3 000 сом
4-орун 2 000 сом
5-орун 1 000 сом

🔸Мугалимдер арасындагы сынактын байге фонду 20 000 сом:

1-орун 6 000 сом
2-орун 5 000 сом
3-орун 4 000 сом
4-орун 3 000 сом
5-орун 2 000 сом

Ошондой эле айырмаланган катышуучулар үчүн баалуу белектер болмокчу.

Катталуу үчүн: 0507 71 76 86
Китептерди сатып алуу үчүн: 0707 65 06 85 телефондоруна кайрылыңыздар,- деди «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүсү Табылды Муратбеков.

«Бир адамдан бир китеп» акциясынын максаты окурмандарды китеп окууга тартуу
Мурат Жумакадыров