"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Окуучуларга табигый кырсыктардан коргонуу максатында машыгуу өттү

20 Февраль 2021 жыл 22:42
Көрүүлөрдүн саны: 82

Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде окуучулар үчүн машыгуу өттү. Машыгуунун максаты, өзгөчө кырдаал болгон учурда окуучулардын өзүн- өзү алып жүрүүсүн,  тез убакытта мектептен абайлап чыгууну үйрөтүү.

Алдын- ала окуучуларга айтылбай даярдалган команда кадимки эле өзгөчө кырдаал болуп жаткандай абал түзүлүп ошол учурда бардыгы тез убакыттын ичинде абайлап мектеп ичинен чыгып коопсуз жерге барып калуулары керек. Бул көндүмдөрдү теориялык жактан эле айтып түшүндүрбөстөн практика жүзүндө ишке ашырып көрүлөт. Анда кетирген каталар айтылып кийинки жолу андай кылбоо керектиги эскертилет.

Тревога- өзгөчө кырдаал учуруна окуучулардын даяр болуусу, ал кырдаалда өзүлөрүн алып жүрүү эрежелерин билүү максатында өткөрүлөт- деп билдирди Асан Сопиев орто мектебинин соц педагогу Ширин Жанекова:
«Мектептин соц педагогу жана 11-класстын «Дельфин» куткаруу командасы менен биргеликте өткөрүлдү. Тревога ар окуу жылында чейрек сайын бир жолудан өткөрүлөт. Бүгүн окуучулар жай чыгып калышты. Мындан кийин окуучулардын мындан да бат чыгышына аракет кылабыз.
Мен өзүмдүн иш тажрыйбамда төрт жылдан бери өткөрүп келем, бирок мындан мурун эле өткөрүлүп турчу. Окуучулар 1минут 10 секундада мектептен сыртка чыгышты».

4 — класстын окуучусу Токторов Нуржигит тревога жөнүндө маалыматы бар экенин белгиледи:
«Тревога жылда болуп жүргөнүнө байланыштуу билип калдым. Биринчи жолу болгондо коркком. Азыр коркуу сезим деле жок. Биз сабакта отурган кезде тревоганын белгисин уктук. Угаар замат шашыла сыртты көздөй чуркадык».

3-класстын окуучусу Шабданова Алия бул нерседен коркконун айтты:
«Мен тревогадан корктум. Сыртты көздөй чуркап бара жатып чалынып жыгылгандар болуп жатты. Аларды чоң класстын окуучулары тургузуп, жетелей чуркашты.»

Түп районунун мугалимдери менен окуучулары арасында китеп окуу боюнча сынак өтөт
Айтунук Токторова, Баян Жайлобаева