"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Токтояндагы ооган жоокери: досумдун каза болгону көз алдымда

23 Февраль 2021 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны: 888

Ооган жергесинен аскерлердин чыкканына 32 жыл болду. Ал согушка 20 жашында барып келген. Азыр 61 жашта.

Молдоканов Марат Өмүрович согушта талыкпаган эмгектерибиз үчүн сыйлындык дейт ал өз сөзүндө:
» Ооган согушунда эсте калаарлык окуялар абдан эле көп болду. Мен жоокер катары Ооган согушунда Советтин Кушка жергесинен Афганистанга коллоннаны жетектеп бардым. Жолдон далай кыйынчылыктарды көрдүк. Эмне деген кан төгүүлөр болду. Жанымда жүргөн досумдун ок жеп каза болгону ушул убакка чейин көз алдымда. Көптөгөн салгылаштарды баштан өткөрдүк. Азыркы жаштарга , өсүп келе жаткан жаңы муундарга кааларым, дүйнөдө согуш болбосун мамлекет тарабынан Ооган согушунда кызмат өтөп келген жоокерлерге жардам берилип жатат. Бирок даагы эле жетишсиз Ооган жергесинен каза болгон жоокерлердин үй бүлөөсүнө да жардам берилсе андан жакшы болот эле. Учурда үй бүлөлүүмүн төрт баланын атасымын эки уул эки кызым бар. Жеке ишкерлик менен алектенип келем. Ооган жоокерлерин февраль айында жылда белгиленүүчү майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм».

Марат Өмүрович жубайы Анара Монолдоровна

Марат Молдокановдун жубайы Анара Болотова жолдошум жакшы сапаттарга ээ дейт:
«Өзүм маданият кызматкеримин. Жолдошум экөөбүздүн баш кошуп жашаганыбызга 32 жыл болду. Ортобузда төрт балабыз бар, төртөө тең окуу жайларда окуп билим алышты.
Мен жубайы катары Марат жөнүндө айтсам, үй- бүлөдө орду чоң, балдарга мээримдүү, камкор ата. Досторунун, туугандарынын арасында кадыр- баркка ээ. Мүнөзү токтоо, чечкиндүү, көптөгөн жакшы сапаттарга ээ адам. Мараттын чогуу Ооган жергесинде болгон служактары Мараттын ошол жакта да жоопкерчиликтүү, өз ишин так аткаргандыгын сыймыктануу менен дайыма айтып келишет. Биз да үй-бүлөбүз менен чогуу атабыз менен абдан сыймыктанабыз.»

Даярдаган: Эржан Мирлан уулу