"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түптө «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү

27 Февраль 2021 жыл 15:31
Көрүүлөрдүн саны: 101

Түп районундагы М.Элебаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы уюшулду. Иш- чарага райондогу 33 билим берүүчү мектептин окуучулар катышты,-деди Түп районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Бегай Кубаныч кызы.

Манас таануу сынагы


«Иш- чаранын негизги максаты «Манас» эпосун даӊазалоо жана өсүп келе жаткан жаш муундарга жайылтуу болуп саналат. Райондук акимчиликтин колдоосу менен жогорку деӊгээлде уюштуруу иштерин «Көйкашка» коомдук фонду тарабынан колго алынып, андагы манасчы балдар эпос боюнча суроолорду даярдап келишти.

Интеллектуалдык таймаштын жүрүшүндө кыргыз тилдүү мектептерден 1-орунду А.Кайдуев атындагы орто мектеби, 2-орунду Ж.Муканбаев атындагы орто мектеби жана 3-орунду Э.Мамырканов атындагы орто мектеби багындырды. Ал эми орус тилдүү мектептерден жалпы билим берүүчү мекемелер катышып 3 мектеп алдыӊкы орундарды багындырды.

Жеӊүүчүлөр диплом, медалдар менен сыйланып, бул командалар облустук деӊгээлдеги иш чарага жолдомо алышты»,-деди ал. Андан тышкары, белгилүү манасчылардын тобу Манасты даңазалап, Манас айтуу өнөрүн көрсөттү.


 

Мурат Жумакадыров