"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Токтоян айылында 21 — февраль бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө карата иш чара өтүлдү

2 Март 2021 жыл 21:49
Көрүүлөрдүн саны: 104

Тил күнү 2008-жылдан баштап жарыяланган.
Бул иш чара Кусеин Карасаев боюнча өтүлдү. Карасаев атабыздын өмүрү, тагдыры жашоосу чагылдырылды.

Иш чара болуп жаткан учур


Кусейин Карасаевге арналып жасалган бурч


Иш чара өзүбүздүн тилибиз жана Карасаева жөнүндө балдарга маалымат берүү максатында өтүлдү дейт Токтоян айылынын кыргыз тил жана адабият мугалими Алымбек Байгашкаев:

«Бүгүнкү күндүн ошол өзгөчө биздин акылыбыз оор мактанаарлык эмес, биздин миллионго жакын кыргыздар чет элге кетип жатат. Анан ошолордун балдары да мындай элибизден чоочун болуп калышы мүмкүн. Экинчиден биздин Кыргызстан да жашап туруп, кыргыз болуп туруп, кыргызды билбеген балдар чыгып жатат. Мунун баары биздин тилдин аксашына шарт болуп жатат. Эгерде тил жоголуп кетсе, анда улут, кийин мамлекет да жок болуп кетет. Кусеин Карасев бул жалгыз эле кыргыз элибизде эмес, бүтүндөй түрк элинде аттын кашкасындай таанымал болгон чон тилчи, чон илимпоз ,чон лексиколог. Карасаевдин өмүрү, тагдыры, тарыхын кыргыз тилинен таанып алууга болбойт. Карасаевди өз мезгилинде Сталиндин мыйзамсыз жазалоо жолунда, тартып репрессия деп да аталат, бул киши дагы ошол тарыхый репрессиянын куугунтугунда калган киши. Ошол Касым Тыныстанов деген сыяктуу адамдар менен иштеген, үзөңгү жолдош болгон. Кийин бул ошонун өмүрүн кенири маалымат бериш үчүн. Карасаевдин өмүрүн айрым учурларына арналган чакан иш чара өткөрүлдү».

Даярдаган: Нуржанат Нурланова