"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Элеттик мугалим күнүгө он чакырым аралыкты басып жумушка келет

3 Март 2021 жыл 23:05
Көрүүлөрдүн саны: 93

Долон айылынын тургуну Кеңешбек Шоруков 30 жылдан бери жумушуна ат менен барып келип иштейт. Ал Ак-Суу районунун Жылдыз айылындагы Бейшенов орто мектебине эмгектенет.

Долон айылынын тургуну- Кеңешбек Шоруков

Ар бир кесиптин ысык суугу болот дейт Кеңешбек Шоруков:
«Менин жолумду жолдоп, Мээрим деген кызым мугалим болду. Ушул жылга чейин Ак Суу районундагы Жылдыз айылындагы Бейшенов орто мектебинде эмгектенип келем. Мен сегиз бир тууганмын, ошол сегизөөбүздүн алтообуз мугалимбиз. Мен Долон айылында жашаганыма байланыштуу, Бейшенов орто мектебине ат менен кээде жөө барып калам. Анын зыяны деле жок. Тескерисинче мага шык, күч берип турат. Ийгиликке жетүүмдүн себеби туруктуулукта жана кесибимди сүйүүдө. Менин окуучуларым дагы көптөгөн ийгиликке жетишкен. Алсак, райондук, областык олимпиадаларга катышып, орундарды багындырып келишкен. Азыркы учурда кээ бир окуучуларым Россиянын алдыңкы ВУЗдарында окуп жатышкандары да бар. Мектепке барып келип, үй жумуштарына да жетишем. Мунун баары убакытты туура пайдаланууда деп ойлойм».



Кеңеш агай окуучулар менен тыгыз байланышта болчу деп билдирет агайдын окуучусу Аманат Иманкадырова:
«Агай балдар менен ачык сүйлөшөт. Биз көйгөйлөрүбүздү айтсак, дайыма кеңеш берип колдоп туручу. Жөн гана сабакты түшүндүрүп өтпөстөн, жашоо, этика, эстетика, өзүн- өзү алып жүрүү боюнча айтып турганы жакчу. Агайдан көпчүлүгүбүз үлгү алсак болот. Бардык адамдарга сылык мамиле кылып, окуучуларды чоң адамдардай көрүп, сүйлөшүп турат. Сабырдуу дагы, сабакты дагы жакшы өтүп, терең, кызыктуу кылып түшүндүрүп берчү. Тестирлөөгө даярдап жатканда, сабактан кийин убакыт бөлүп даярдаган. Ошондо мага окуу жайга бюджетке өткөнгө чоң жардам берген. Мен дагы агайды көрүп, мугалимдик кесипти тандадым».

Бейшенов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Тоолоркүл Дүйшембиева агайдын жасаган иштери, эмгектери зор деп билдирет:

«Кеңеш Шоруков Долон айлынан бери ат менен клип окууларга сабак берет. Мектеп жамааты, окуучулар жана ата-энелер, коом менен тыгыз байланышта иштөө менен азыркы коом талабына ылайыктуу жашоодо өз ордун таба билген, сапаттуу, билимге ээ болгон, интеллектуалдуу инсандарды тарбиялап келүүдө. Агайдын эмгеги зор, калыптанып эле иштеп келе жатат».

 

Акбермет Сыдыкбекова, Аяна Жайлобаева