"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Мектеп окуучуларына кол өнөрчүлүктү үйрөткөн ийрим ачылды

3 Март 2021 жыл 23:31
Көрүүлөрдүн саны: 100

Тасма айылында жүндөн жасалган ар кандай өзгөчө буюмдарды жасоону кыздарга үйрөтүү үчүн атайын чакан кружок өтүлүүдө. Мектеп окуучуларына сабактан сырткары «Седеп» деген аталышта кол өнөрчүлүк окуусуна кыздар катышып жатышат. Аны «Седеп» деп аташып, үйдөн кийген бут кийимди, үйдү кооздочу буюмдарды, ар кандай аксессуардарды, ар кандай буюмдарды жасоону үйрөнүшөт.

Кыздар жүндөн жасалган буюмдарды жана сайма сайууну үйрөнүп жаткан учуру

Седеп ийриминде кыздар өзүлөрүнө керектүү нерселерди үйрөнүп алуусу үчүн ачылганын айтат ийримдин жетекчиси Кундуз Шалтабаева:
«Мен кичинекей кезимде эле жүндөн ар кандай буюмдарды жасоого кызыктым. Кийинчерээк жүн менен иштөөнү үйрөндүм. Азыркы учурда кыздарга үйрөтүүдөмүн. Бул ийримде он эки кыз бар. Жүн менен гана иштөөнү үйрөтпөстөн, сайма сайууну дагы алып кетип атабыз. Кыздар дагы кызыгуу менен катышышууда. Катышкандар эч кандай акча төлөшпөйт. Керектүү болгон буюмдарды алып келишет».

Аталган ийримдин жетекчиси- Кундуз Шалтабаева


5-класстын окуучусу Саёра Шаяхматова:
«Мен бул жакка кол өнөрчүлүккө абдан кызыккандыгым үчүн келдим. Бул жакка келип жүндөн өтүк жасаганды үйрөндүм. Кыйынчылыктар дагы болгон жок. Бардык кыздар ушул жакка келип катышса жакшы болот эле. Көптөгөн жакшы нерселерди үйрөнө алышат деп ойлойм».

Даярдагандар: Айназик Кубатбекова, Айтунук Токторова.